1-берене
Күчүндө · 19.05.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 58-берененин 4-бөлүгүндө "он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "жыйырма жылдык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 88-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда мамлекеттик тилдеги "белгиленген жаза мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес" деген сөздөр "дайындалган жазанын жарымынан кем эмес мөөнөтүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 89-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн;";
4) 92-беренеде:
а) 5-бөлүгүндө "он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "жыйырма жылдык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндө "экстремисттик уюмду түзүү" деген сөздөрдөн кийин ", баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 19.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026909/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>