6-берене. Укуктарды камсыз кылуунун кепилдиктери
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы
1. Улуттук валютада накталай эмес формада сатып алуу-сатуу боюнча ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн бүтүмдөр тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга банк тарабынан ачылган банктагы атайын эсепти пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Атайын эсеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгилүү бир жагдайлар келип чыкканга же келишимде каралган белгилүү бир милдеттенмелерди аткарганга чейин акча каражаттарын эсепке алуу жана бөгөт коюу үчүн багытталган.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026663/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>