5-берене. Улуттук валютада накталай эмес акча жүгүртүүнүн инфратүзүмүн уюштуруу
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы
1. Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү улуттук валютада накталай эмес формада кабыл алуу инфратүзүмүн уюштуруу үчүн керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн соода-сервистик ишканалар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн багытталган жабдуунун жана/же технологиялардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болуусун жана орнотулуусун, ошондой эле колдонулуусун камсыз кылышат.
2. Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) аркылуу төлөөдө банктар, төлөм уюмдары тарабынан колдонуудагы төлөм системалары менен системалар аралык интеграция, башкача айтканда, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү учүн башка төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү жана иштөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026663/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>