Өзгөчө кырдаалга, өзгөчө абалга чара көрүүгө жана кесепеттерин жоюуга жана жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүүгө багытталган ыктыярдуу кайрымдуулуктан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү, мониторинг жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 346-т тескемесине)
Өзгөчө кырдаалга, өзгөчө абалга чара көрүүгө жана кесепеттерин жоюуга жана жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүүгө багытталган ыктыярдуу кайрымдуулуктан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү, мониторинг жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө кырдаалга, өзгөчө абалга чара көрүүгө жана кесепеттерин жоюуга жана жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүүгө багытталган ыктыярдуу кайрымдуулуктан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү, мониторинг жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) дарегине келип түшкөн акчалай кайрымдуулуктарды пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Кайрымдуулук түрүндө акча каражаттарын алган Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) кайрымдуулук түрүндөгү акча каражаттары - өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында түздөн-түз Министрликтин пайдасына кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактар тарабынан салынган ар кандай акча каражаттары;
2) акчалай кайрымдуулукту алуучу - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же жеке адам;
3) Жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүү үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүү үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу, координациялоо үчүн арналган коллегиялуу орган болуп саналат. Комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Комиссиянын милдети
3. Комиссиянын милдети болуп аймагында өзгөчө кырдаал болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү мамлекеттик администрация аркылуу жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүү үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын төмөнкүдөй жолдор менен бөлүштүрүү саналат:
- аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- кайрымдуулук акцияларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды уюштуруу аркылуу жер-жерлерде келип чыккан көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүгө практикалык жардам көрсөтүү.
3-глава. Комиссиянын функциялары
4. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) аймагында өзгөчө кырдаал болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү мамлекеттик администрация аркылуу жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүү үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алат;
2) жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын, жарандардын өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
3) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
4-глава. Акчалай кайрымдуулуктарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалда жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматты суратууга;
2) өзгөчө кырдаалда жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматты берүүгө;
3) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар жана уюмдар менен кызматтык кат алышууларды жүргүзүүгө;
4) өзгөчө кырдаалда жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү маселелери боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
5) Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүгө жана ага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырууга, ошондой эле Комиссиянын жыйналышынын күн тартибиндеги маселелер боюнча аларды угууга.
6. Комиссия өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алат.
7. Кайрымдуулук түрүндөгү акчалай каражаттарды бөлүштүрүүдө Комиссия тарабынан акчалай кайрымдуулуктарды натыйжалуу жана максаттуу бөлүштүрүлүшүн камсыз кылууга жардам берген төмөнкүдөй критерийлер эсепке алынат:
1) шашылыш - жардамды биринчи кезекте адамдардын аман калышын камсыз кылуу үчүн дароо керек болгон жерге жөнөтүү;
2) топтун аялуулугу - жардамды бөлүштүрүүдө балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар сыяктуу калктын ар кандай топторунун аялуу деңгээлин эсепке алуу;
3) жеткиликтүүлүк жана коопсуздук - гуманитардык уюмдар үчүн өзгөчө укуктук режими бар аймактын жеткиликтүүлүгү жана жардам көрсөтүүдө персоналдык коопсуздугу;
4) кызматташуу - жардамды натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуу;
5) ачыктык - бейтараптык, калыстык, көз карандысыздык жана гумандуулук принциптеринде жардамды бөлүштүрүү.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
8. Комиссиянын ишин уюштурууну Министрлик камсыз кылат.
9. Министрлик мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жабыр тарткан калкка өзгөчө жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук түрүндөгү акча каражаттарын топтоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта атайын эсеп ачат.
10. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат, алар зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрү үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
11. Каражаттарды алууга өтүнмөлөр Комиссияга аймагында өзгөчө кырдаал болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилет.
12. Кайталап кароого түшкөн, мурда Комиссиянын чечими менен канааттандырылган өтүнмөлөр кайталап кароого жатпайт.
Өтүнмөлөрдү тариздөөнүн, берүүнүн тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
13. Комиссиянын чечими, эгерде анын жыйналышында башкача тартип кабыл алынбаса, ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калганда төраганын пикири чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими төрага, жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Комиссиянын мүчөсү тийиштүү катта өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу.
Комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Министрликке жиберилет.
14. Министрликтин дарегине келип түшкөн кайрымдуулук түрүндөгү акча каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ, өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шартында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго колдоо көрсөтүү үчүн гана каралган, Комиссиянын чечиминин протоколунун негизинде бөлүштүрүлүп, аймагында өзгөчө кырдаал болгон же өзгөчө абал киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алыш-бериш эсебине которулат.
15. Кайрымдуулук түрүндөгү акча каражаттарын, ушул Тартипте каралбаган башка максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
6-глава. Акчалай кайрымдуулуктардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик жана мониторинг жүргүзүү
16. Комиссия акча каражаттарын объективдүү бөлүштүрүү үчүн жооп берет.
17. Кайрымдуулук түрүндөгү акча каражаттарынын максаттуу пайдаланышы, аймагында өзгөчө кырдаал болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияга (Комиссиянын чечимине ылайык) которулганга чейин сакталышы үчүн жоопкерчилик Министрликке жүктөлөт.
18. Министрлик кайрымдуулук түрүндө келип түшкөн бардык акча каражаттарынын эсебин жүргүзөт жана ага мониторинг жүргүзөт.
19. Министрлик кызыкдар тараптардын суроо-талабы боюнча төмөнкүлөр жөнүндө толук маалымат берет:
- кайрымдуулук түрүндө түшкөн жана бөлүштүрүлгөн акча каражаттары жөнүндө;
- каражаттардын максаттуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө.
20. Министрлик ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдарына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген формаларга ылайык акча каражаттарынын кайрымдуулук түрүндө келип түшүшү жана пайдаланышы жөнүндө отчет жөнөтөт.
21. Каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалымат жылына бир жолу Комиссия тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги # 346-т (Өзгөчө кырдаалга, өзгөчө абалга чара көрүүгө жана кесепеттерин жоюуга жана жабыр тарткандарга…Распоряжение · 25.04.2025 · № 346-р