59-берене. Эрте чара көрүү чаралары
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 8-глава
1. Камсыздандырылуучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, алардын финансылык абалынын начарлашына жана камсыздандыруу ишине байланышкан тобокелдиктердин көбөйүшүнө жол бербөө максатында ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык абалынын начарлашына таасир этүүчү факторлорду аныктоо үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын ишине талдоо жүргүзөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн факторлор аныкталган учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын талдоонун натыйжасында жана/же аны текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна жана/же анын акционерлерине камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун жогорулатуу, анын камсыздандыруу ишине байланышкан финансылык абалынын начарлашына жана тобокелдиктеринин көбөйүшүнө жол бербөө боюнча эрте чара көрүү чараларын караган иш-чаралар планын сунуштоо боюнча жазуу жүзүндө талап (жазма буйрук, эскертүү) жиберет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму жана/же анын акционерлери аталган талапты (жазма буйрукту, эскертүүнү) алган күндөн тартып он календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ар бир пункт боюнча аткаруу мөөнөтүн жана жооптуу жетектөөчү кызматкерлерди көрсөтүү менен иш-чаралар планын иштеп чыгууга жана ыйгарым укуктуу органга бекитүүгө берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш-чаралар планы бекитилгенде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму жана/же анын акционерлери планда белгиленген мөөнөттө анын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоо менен аны ишке ашырууга киришет.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар планы ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда, бул пландын иш-чаралары аткарылбаса же өз убагында аткарылбаса, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата ушул Мыйзамда, укук бузуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көзөмөлгө алуу чаралары жана административдик таасир этүү чаралары колдонулат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалынын начарлашына таасир этүүчү факторлор жана эрте чара көрүү чараларын караган иш-чаралар планын жактыруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-59" title="59-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>