58-берене. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды камтыган анык эмес жарнамага тыюу салуу
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 7-глава
1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына ал жарыяланган күнгө карата чындыкка дал келбеген маалыматтар катышкан өз ишин жарнамалоого тыюу салынат.
2. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынан чындыкка дал келбеген жарнаманын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, аны токтотууну же төгүндөөнү жарыялоону талап кылууга укуктуу.
Бул талап ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган жарнамада камтылган маалыматтардын чындыкка дал келбегендиги жөнүндө маалыматты жарыялоого же болбосо аларды мындай жарнаманы жарыялаган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын эсебинен тактоого укуктуу. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары анык эмес жарнаманы тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-58" title="58-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>