Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 921-1-статья менен толукталсын: "921-1-статья. Исламдык камсыздандыруу
1. Исламдык камсыздандыруу келишими болуп ушул главанын 2-параграфына жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими саналат.
2. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгы, ошондой эле камсыздандыруу сыйлыктарын инвестициялоонун натыйжасында алынган кирешелер исламдык камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучуларга (пайда табуучуларга) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн камсыздандыруучу тарабынан түзүлүүчү исламдык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруучу тарабынан которулууга тийиш.
3. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу алган камсыздандыруу сыйлыктары, ошондой эле исламдык камсыздандыруу фондун түзгөн башка мүлк камсыздандыруучуга менчик укугунда таандык болбойт.
4. Камсыздандыруучу исламдык камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана түзүлгөн исламдык камсыздандыруу келишимине ылайык, исламдык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен исламдык камсыздандыруу фондун башкарганы үчүн сыйлык акы алууга укуктуу.
5. Исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун, исламдык камсыздандыруу фондун түзүүнүн, эсепке алуунун, пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн, ошондой эле исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү жана алардын ишинин шарттары ушул Кодекске жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык аныкталат.".
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026486/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>