Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору кылмыштарды жасоого шектелип кармалган адамдарды камакта кармоо үчүн арналган.
2. Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору милициянын ички бөлүмдөрү болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Эскертүү. Кылмыш жасоого айыпталуучулар тергөө аракеттерин аткаруу, иштерди тергөө изоляторлору (ТИЗО) жайгашкан калктуу конуштардын чегинен сыртта соттук кароо үчүн зарыл болгон учурларда, аларды ал жерден күн сайын алып келүү мүмкүн болбогондо, аталган аракеттерди аткаруунун жана сот процессинин убактысы учуруна, бирок бир айдын ичинде 10 суткадан ашпаган мөөнөткө убактылуу кармоочу изоляторлорго (УКИ) которулушу мүмкүн.
4. Мындай которуу үчүн негиз болуп соттун токтому (аныктамасы), көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча прокурордун же тергөөчүнүн токтому саналат.
5. Айыпталуучуларды ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү жүйөлөрү боюнча тергөө изоляторлорунан убактылуу кармоочу изоляторлорго которууга жол берилбейт.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-9" title="9-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>