8-берене. Тергөө изоляторлору
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 1-глава
1. Жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган кылмыш жасоого айыпталуучуларды кармоо үчүн арналган. Тергөө изоляторлору юридикалык жактын укуктарына ээ болушу мүмкүн.
2. Жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана жоюлат, алар жаза аткаруу системасынын аймактык органдарынын системасына кирген мекемелер болуп эсептелет.
3. Тергөө изоляторлорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ал эми мунапыс берүү учурундагы айыпталуучулардын саны азайганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө же башка учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-8" title="8-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>