28-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуусун камсыз кылуу
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Камакта кармоочу жайлардын администрациясы тергөөчүнүн, прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү талабы боюнча төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайларга кабыл алуу жана аларды дайындалган жерге жеткирүү үчүн конвойго өткөрүп берүү;
2) камакта кармоочу жайлардын аймагында тергөө аракеттерин, амбулатордук соттук-психиатриялык жана башка экспертизаларды жүргүзүү үчүн жабдылган бөлмөлөрдү берүү;
3) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган негиздерде тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуудан бошотуу.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-28" title="28-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>