Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-январындагы № 4 сандуу сунушун кароо жөнүндө» токтому.
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 7 Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-январындагы № 4 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2024-жылдын 18-октябрындагы №О-583 сандуу корутундусунун негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Сопу-Коргон айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5-01-01-1004-0499 сандуу сыр белгидеги эски мончонун имаратын бузууга жана ага тиешелүү жер тилкесинин максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылды 10-январындагы № 4 сандуу сунушун карап чыгып, талкуулап, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2024-жылдын 18-октябрындагы №О-583 сандуу корутундусунун негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Сопу-Коргон айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5-01-01-1004-0499 сандуу сыр белгидеги эски мончонун имаратын бузууга жана ага тиешелүү 360.75 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жогорудагы мончонун имаратын бузуунун негизинде түшкөн эски курулуш материалдарын эсепке алуу боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
3.Жогорудагы жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн тиешелүү юридикалык документтерди даярдап, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Алай райондук филиалына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына жана 39-берененин 5-пунктуна ылайык Сопу-Коргон айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5-01-01-1004-0499 сандуу сыр белгидеги эски мончо боюнча кабыл алынган К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №36/2 сандуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге тапшырылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө жагы жер маселелери жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
А.Т. Кудайбергенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-январындагы №4 "Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому.Постановление · 10.01.2025 · № 4
- К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/2 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү…Постановление · 28.09.2023 · № 36/2
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 4 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана…Постановление · 10.01.2025 · № 4