Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому.
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 4 Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга кабыл алынгануучу жайыт бюджети боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Д.Таевдин маалыматын угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджети бекитилсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин:
№
Малдын түрү
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүндөгү малдын санына алынуучу төлөм (сом)
Башка айыл өкмөттөрдөн алынып келинген мал санына алынуучу төлөм (сом)
Башка райондордон алынып келинген мал санына алынуучу төлөм (сом)
1
Жылкы, уй, топоз
65
150
2
Кой, эчки
15
50
3
Кулун, торпок
65
80
4
Эшек
50
3.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга кабыл алынган жайыт бюджетин жүзөгө ашыруу максатында, айыл аймагында жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу, жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө каралган долбоорлорду ишке ашыруу, жайыт мыйзамдарынынын талаптарын аткарбаган жарандарга жана сырттан алынып келинип биздин айыл аймакты байырлаган мал ээлерине чара көрүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышыын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Д.Таевге милдеттендирилсин.
Төрага:
А.Т. Кудайбергенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.