Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттарды куруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-апрели № 202
Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттарды куруу боюнча чаралар жөнүндө
Мамлекеттик органдардын иштөөсүн жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 77 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин куруу жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 347 "Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалынын мамлекеттик административдик имараттарын долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырып пайдалануу менен долбоорлоону жана курууну;
2) Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттарды куруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди белгиленген талаптарга ылайык иштеп чыгууну.
3. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте долбоорлоого жана курууга архитектуралык-шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди алууга жана бүткөрүлгөн объекттерди экспертизадан өткөрүүгө жана эксплуатацияга кабыл алууга көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте бул объекттерди улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 14-марты ПЖ № 77 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин куруу жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.03.2022 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 347 "Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2024 · № 347