Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 347 «Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 6-декабры ПЖ № 347
Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик административдик имараттарды жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды андан ары сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун натыйжалуу жана компакттуу жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жайгаштыруу үчүн арналган административдик имараттардын комплексин куруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүүчү инвестициялык макулдашуулардын алкагында инвестицияларды тартуунун эсебинен жүзөгө ашырылат деп;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерине кирген административдик имараттар жана курулмалар инвестицияларды тартууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен көрсөтүлгөн имараттарды, курулмаларды жана аларга бекитилип берилген жер участокторун инвесторлорго ээликтен ажыратуу маселесин кароо менен талап кылат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен ээликтен ажыратуунун өзгөчөлүктөрүн караган инвестициялык макулдашууларды түзүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
2) инвестициялык макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен тиешелүү административдик имараттарды, курулмаларды жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча сунуштарды киргизсин;
3) инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратууга сунушталган тиешелүү административдик имараттардын, курулмалардын жана аларга бекитилип берилген жер участокторунун рыноктук наркын көз карандысыз баалоону жүзөгө ашырсын;
4) инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратууга сунушталган тиешелүү административдик имараттардын, курулмалардын жана аларга бекитилип берилген жер участокторунун рыноктук наркын белгилөө боюнча көз карандысыз баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон бюджеттик каражаттарды издеп тапсын;
5) казыналыктын системасында административдик имараттарды, курулмаларды жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратууну караган, түзүлгөн инвестициялык макулдашуулар боюнча бардык келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу үчүн арналган өзүнчө администрациялануучу эсепти ачуу боюнча ишти жүргүзсүн;
6) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппараттарынын административдик имараттары жана курулмалары бөлүгүндө кайра карап чыксын;
7) алты айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдасын.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 Жарлыгынын редакциясына ылайык).
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 95 (3650) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 4 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана…Постановление · 10.01.2025 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 202 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттарды куруу боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 14.04.2025 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик имараттардын комплексин жана медициналык шаарчаны куруу…Указ · 15.06.2026 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.05.2025 · № 291
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.