Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жана «Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-апрели № 265 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 265 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүргүзүлүп жаткан мамлекеттин идеологиялык саясатынын алкагында "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпысынан колдойт. Ошол эле учурда улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик үрп-адаттарды урматтоого тарбиялоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоону камсыз кылуу максатында, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу кызыкчылыгында гана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" жарлыктары чыккан, аларда Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү ырым-жырымдарын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар каралган.
2. Кыргыз Республикасы маданий салттарды, үрп-адаттарды жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоого багытталган бир нече эл аралык актылардын катышуучусу болуп эсептелет. Төмөндө бул маселелерге тиешелүү айрым негизги эл аралык документтерди келтиребиз:
- Адам укуктарынын жалпы декларациясы (1948). Кыргыз Республикасы бул документтин жактоочусу болуп эсептелет, ал ар бир адамдын өз коомчулугунун маданий жашоосуна катышуу, искусстводон пайдалануу жана маданий кызыкчылыктарды коргоо укугун кепилдейт. Жалпы декларация маданий практикалардын жана каада-салттардын эркиндигине болгон укукту ырастайт;
- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (1966). Кыргыз Республикасы бул Пактты ратификациялаган, анын 27-беренесинде этностук, диний жана тилдик азчылыктардын өз маданиятын, тилин жана динин сактап калуу укугу бекитилген. Бул укук белгилүү бир маданий топторго мүнөздүү каада-салттарды, ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды коргоону камтыйт;
- ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө конвенциясы (2003). Кыргыз Республикасы бул Конвенциянын жактоочусу болуп эсептелет, ал каада-салттар, үрп-адаттар, кол өнөрчүлүк, майрамдар жана элдин инсандыгы жана маданияты үчүн маанилүү болгон маданий практиканын башка элементтери сыяктуу материалдык эмес маданий мурастарды сактоого жана өткөрүп берүүгө багытталган;
- Маданий көрүнүштөрдүн ар түрдүүлүгүн коргоо жана колдоо жөнүндө конвенция (2005). Кыргыз Республикасы ЮНЕСКОнун бул Конвенциясынын да жактоочусу болуп эсептелет, ал маданий каада-салттарды колдоого жана сактоого, маданий көрүнүштөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана маданий формалардын ар түрдүүлүгүн колдоого өбөлгө түзөт. Бул Конвенция ааламдашуу шартында маданиятты коргоого, жергиликтүү каада-салттарды жана үрп-адаттарды колдоого багытталган;
- БУУнун Түпкүлүктүү укуктар жөнүндө декларациясы (2007). Кыргыз Республикасы бул Декларацияга кол койгон, ал жергиликтүү элдердин өзүнүн каада-салттарын, үрп-адаттарын, динин жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө болгон укугун бекитет. Декларация өзүнүн маданий практикаларын, анын ичинде салттуу үрп-адаттарды жана майрамдарды сактоо укугун коргойт;
- ЮНЕСКОнун Билим берүү чөйрөсүндөгү дискриминацияга каршы күрөшүү боюнча конвенциясы (1960). Кыргыз Республикасы бул Конвенцияны ратификациялаган, ал башкалардын катарында жергиликтүү жана этностук азчылыктардын билим берүү жаатындагы тилин жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү укуктарын коргойт;
- Адамзаттын маданий жана табигый мурастарын коргоо жөнүндө конвенция (1972). Кыргыз Республикасы бул Конвенциянын катышуучусу болуп эсептелет, ал материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоого багытталган. Анын ичинде ал каада-салттарды, үрп-адаттарды жана улуттук жана жергиликтүү иденттүүлүк үчүн маанилүү болгон маданий турмуштун башка элементтерин камтыйт. Бул эл аралык актылар маданий салттарды, үрп-адаттарды жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоону камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.
Демек жогоруда аталган эл аралык актылар маданий салттарды, ырым-жырымдарды жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоону камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул эл аралык актыларга ылайык келтирүүнү суранабыз.
3. "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 6, 7, 8-беренелеринде айрым тыюу салуулар жана чектөөлөр каралган жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат. Алсак, "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жана сунуш кылынган жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21, 65-беренелеринде Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтпеген элдик нарк, салттар жана үрп-адаттар мамлекет тарабынан колдоого алынат деп белгиленген. Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинде ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу деп белгиленген. Ошентип, "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоору жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоору ысырапкорчулукту кыскартууга жана финансылык тартипти жакшыртууга болжолдонгон багыттарына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин биринин бузулушуна коркунуч келтирет. Демек мындай иш-аракеттерге тыюу салуу коомчулуктун нааразычылыгын жаратышы мүмкүн, анткени жарандардын көпчүлүгү бул салттарды эзелтен бери эле өз жашоосунун эрежеси катары сактап, кабыл алышкан.
4. "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 3-беренесинде "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүргүзөт, ал жылына эки жолу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берип турат деп сунушталууда. Сунушталган ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет.
5. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ысырапкорчулукту жөнгө салуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен Кодекске "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүү убагында социалдык кызыкчылыктарды камсыз кылуу эрежелерин бузуу" деген 138-1-берене киргизилет. Жеке жактарга салынуучу айыптын максималдуу өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш, буга жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 149, 372-1, 73-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынган айыптар кирбейт, алардын өлчөмү аталган берененин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык көрсөтүлгөн Кодекстин 31-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Юридикалык жактарга салынуучу айыптын минималдуу өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 144, 149 жана 346-беренелеринде каралган, жогоруда аталган Кодекстин 318-беренесинде каралган 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдөгү жана жогоруда аталган Кодекстин 372-1, 373-беренелеринде каралган 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдөгү укук бузуулар үчүн юридикалык жакка салынуучу айыптын максималдуу өлчөмү, салынган айыптарды кошпогондо, 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого же ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталуучу эселенген өлчөмдө көрсөтүлүшү мүмкүн.
6. Ошондой эле "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кодекстин 1381-беренеси боюнча айып пул салуу каралган.
Мында Кодекстин 456-беренесинде ички иштер органдары 137-142-беренелерде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана өндүрүп алуу чараларын көрөт деп белгиленген. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (коомдук тартипти жана инсандын жана коомдун коопсуздугун коргоо) милдеттерине үрп-адаттарды, салттарды жана ырым-жырымдарды сактоо боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салуу кирбейт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекет тарабынан колдоого алынган адам укуктарына жана эркиндиктерине карата бекитилген ченемдерди, ошондой эле элдик баалуулуктарды, каада-салттарды жана үрп-адаттарды жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык актыларга карама-каршылыктарды эске алып, сунушталган "Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана "Ысырапкорчулукту жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу жогоруда көрсөтүлгөндү эске алуу менен кылдат жеткире иштеп чыгууну талап кылат деп белгилейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…Указ · 24.02.2022 · № 54
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII