Куршаб айылдык кеңешинин Жер тилкесинин башкы планынын бекитүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектүү отуруму
2024-жылдын 19-январы № 101
Жер тилкесинин башкы планынын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республиксынын Жер кодексине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып КР Министлер кабинетинин 2022-жыл 3-октябрь №542 токтому менен бекитилген 36,47 га жер тилкесинин башкы планын бекитүү маселесин Куршаб айылдык кенешинин(жетинчи шайланган) ХIХ кезектеги отуруму талкуулап карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Министлер кабинетинин 2022-жыл 3-октябрь №542 токтому менен бекитилип трансформация болгон Куршаб айыл аймагында жайгашкан 36,47 га жер аянтынын башкы планы бекитилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Жумаев Б.Э.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.