Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл, Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 3-октябры № 542 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл, Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл Кароол, Куршаб айыл аймактарынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү курууга жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 17-августундагы № 01-39/1132, 2022-жылдын 19-августундагы № 01-39/1150, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1326, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1324, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1321, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1322, 2022-жылдын 24-сентябрындагы № 01-39/1330, 2022-жылдын 24-сентябрындагы № 01-39/1329 корутундуларын жана Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 18, 2022-жылдын 12-августундагы № 01-13/37, 2022-жылдын 15-августундагы № 01-14/294, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/53, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/50, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/45, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/48, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/52, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13147, 2022-жылдын 24-сентябрындагы № 01-13/54 токтомдорун эске алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан, жалпы аянты 312,17 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- Баш-Дөбө айыл аймагында, Айгыр-Жол участогунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 103,30 га аянттагы жерлери, № 928 (1,5 га), № 938 (8,24 га), № 928 (3,50 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери, № 210 (0,42 га), № 238 (0,41 га), № 240 (0,24 га), № 241 (3,88 га) контурлардагы жайыттын жерлери, № 237 (1,72 га) контурдагы токойлуу жерлери, № 696 (1,06 га) контурдагы башка жерлер, Бостон (Көк-Таш) участогундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 242 (1,27 га) контурдагы көп жылдык бак-дарактардын (тыт) жерлери, № 26 (27,0 га), № 16 (6,45 га), № 18 (10,37 га), № 17 (17,14 га), № 77 (9,16 га), № 20 (10,94 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери;
- Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан 86 га аянттагы жерлер, көп жылдык бак-дарактар - 48 га, жайыттар - 19,3 га, кайрак айдоо жерлери - 18,7 га, атап айтканда № 106 (34,0 га), № 160 (9,0 га), № 166 (5,0 га) контурларда, № 854 (5,0 га), № 1044 (1,30 га), № 1036 (2,0 га), № 883 (1,5 га), № 920 (3,0 га), № 920 (4,0 га), № 929 (2,5 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 68 (10,0 га), № 1188 (1,43 га), № 1282 (2,0 га), № 1355 (1,70 га), № 1187 (2,24 га), № 1189 (1,33 га) контурларда жайгашкан кайрак айдоо жерлери;
- Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан 26,3 га аянттагы жерлер, № 853 (10,0 га), № 1430 (1,80 га), № 1191 (0,50 га), № 1192 (0,10 га), № 1193 (0,40 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 402 (10,0 га) контурдагы муниципалдык менчиктеги көп жылдык бак-дарактардын жерлери жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 1198 (3,50 га) контурдагы көп жылдык бак-дарактардын жерлери ;
- Кароол айыл аймагында жайгашкан 60,10 га аянттагы жерлер, № 919 (16,80 га), № 995 (4,60 га), № 1001 (1,2 га), № 1002 (4,38 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери, № 992 (0,75 га), № 927 (1,60 га), № 928 (1,0 га), № 931 (2,40 га), № 936 (7,20 га), № 1015 (0,70 га), № 1023 (2,25 га), № 1023 (2,55 га), № 1008 (3,75 га), № 1008 (4,76 га), № 996 (0,64 га), № 1008 (3,22 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 993 (2,0 га) чөп чабык, № 929 (0,30 га) жолдор;
- Куршаб айыл аймагында жайгашкан 36,47 га аянттагы жерлер, № 119 (5,0 га), № 171 (1,6 га), № 1771 (4,53 га), № 1772 (4,12 га) контурлардагы көп жылдык бак-дарактардын жерлери, № 246 (2,5 га), № 262 (0,50 га), № 2082 (1,15 га), № 1759 (2,04 га), № 1770 (0,55 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 263 (1,50 га), № 576 (11,20 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери, № 2072 (1,20 га), № 2079 (0,58 га) контурлардагы башка жерлер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январы № 101 Жер тилкесинин башкы планынын бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 19.01.2024 · № 101
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-марты № 91 Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.03.2026 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августунун № 463 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы № 542 "Кыргыз…Постановление · 09.08.2024 · № 463
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.