Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 158
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемеси тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемесин жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн, тиешелүү жол-жоболордун аткарылышын уюштурсун;
- жоюу балансын бекитсин;
- өткөрүп берилген финансылык ресурстарды Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана чыңдоого максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 "Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 24 (3680) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери…Постановление · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 "Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 87
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 251 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу…Постановление · 31.07.2024 · № 440 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 31.07.2024 · № 440 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери…Постановление · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 "Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу…Постановление · 31.07.2024 · № 440 · Күчүн жоготкон