Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 марта 2025 года № 158 "О ликвидации Центра исследования информационной среды при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-03-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 440
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында, "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун", 22-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 22-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
"20) "Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун", 20-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 20-тиркеме менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият, маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 32-тиркеме менен толукталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жайгаштыруу үчүн жайды берсин жана техникалык, коммуникациялык тейлөө менен камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-августундагы № 59 (3613) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Begin_nocompare
2-тиркеме
"22-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун кызматкерлеринин ТИПТҮҮ ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТТАРЫ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
1
Директор
1
2
Башкы бухгалтер
1
3
Программист
3
4
Эксперт
6
Жыйынтыгы:
11
".
3-тиркеме
"20-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун кызматкерлерине карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№
Кызмат орундарынын аталышы
Квалификациялык талаптар
1
Директор
Кандай гана болбосун багыттагы жогорку кесиптик билими, жалпы иш стажы 7 жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес
2
Эксперт
Кандай гана болбосун багыттагы жогорку кесиптик билими, жалпы иш стажы 5 жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес
3
Программист
Кандай гана болбосун багыттагы жогорку кесиптик билими, жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес
".
4-тиркеме
"32-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Эселөө коэффициенттери
1
Директор
4,48
2
Башкы бухгалтер
3,84
3
Эксперттер
4,40
4
Программист
6,12
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун кызматкерлерине ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50% чейинки өлчөмдө пайыздык ставка төлөнөт.". End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 "Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы…Постановление · 05.08.2024 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу…Постановление · 27.03.2025 · № 158
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик…Постановление · 30.03.2022 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 251 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 31.07.2024 · № 440 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 "Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы…Постановление · 05.08.2024 · № 456
- Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөЗакон · 23.08.2021 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу…Постановление · 27.03.2025 · № 158
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик…Постановление · 30.03.2022 · № 180 · Күчүн жоготкон