Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-марты № 106 Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жөнүндө Ветеринардык мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ветеринардык дары каражаттарын каттоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын ченемдери Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 1 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" чечими толук күчүнө киргенге чейин колдонулат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги беш айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу Эрежелери (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна 2-тиркеме)Правила · 03.03.2025 · № 106
- Оптималдаштырууга, жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон уруксат берүү мүнөзүндөгү документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144…Приложение · 16.04.2026 · № 144
- Ветеринардык дары каражаттарын каттоо Эрежелери (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна 1-тиркеме)Правила · 03.03.2025 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 04-13/98 “Ветеринардык дары каражаттары жана тоют…Приказ · 29.05.2025 · № 05/2-17/117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.06.2023 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноября № 741 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 17.11.2025 · № 741
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.08.2013 · № 444 · Күчүн жоготкон
- "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген)Регламент · 05.08.2013 · № 444 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.06.2023 · № 319
- "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген)Регламент · 05.08.2013 · № 444 · Күчүн жоготкон