Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-июну № 319 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасындагы канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 268 "Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентте:
- 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн максаттуу багытталган тоют кошумчаларына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо күбөлүктөрүн кошпогондо, тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо жүргүзүү процесси каттоо документтеринин толук комплекти берилген күндөн тартып арыз ээсине каттоо күбөлүгү берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан 45 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат, аларды каттоо мөөнөтү коопсуздуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүү менен 14 жумуш күндү түзөт.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2014-жылдын 23-майындагы № 268 токтому менен…Регламент · 22.05.2014 · № 268
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери…Постановление · 03.03.2025 · № 106
- "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген)Регламент · 05.08.2013 · № 444 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 268 «Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 22.05.2014 · № 268
- "Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2014-жылдын 23-майындагы № 268 токтому менен…Регламент · 22.05.2014 · № 268
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери…Постановление · 03.03.2025 · № 106
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.08.2013 · № 444 · Күчүн жоготкон