Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Жер салыгынын эсептөөнүн зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №13/II Жер салыгынын эсептөөнүн зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн киреше боюнча башкы адис С.М. Омуралиеванын «Жер салыгынын эсептөөнүн зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 2-пунктуна ылайык «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 0,3төн 2ге чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет» ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагында зоналык коэффициент 1,2 ɵлчɵмүндɵ салыктын тɵмɵнкү түрлɵрүндɵ бекитилсин:
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына;
- турак жай имараттарына жана жайларга мүлк салыгына;
- турак эмес имараттарга, курулмаларга жана жайларга мүлк салыгына;
- үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгына.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн киреше боюнча башкы адис С.М. Омуралиевага жана адис Д.К.Койчукеева жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3