Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Жайыт жерлерин берүүнү жана жайыттарды которуу (трансформациялоо) токтотуу жɵнүндɵ» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №44/VIII Жайыт жерлерин берүүнү жана жайыттарды которуу (трансформациялоо) токтотуу жɵнүндɵ
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевдун «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилгенге чейин жайыт жерлерин жайыттарды которууга (трансформациялоого) берүүнү токтотуу жөнүндө» маалыматын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы №462 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы №04-13/152 буйругунун негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Жайыттарды которууга (трансформациялоого) жайыт жерлерин берүү Типтүү жобо бекитилгенге чейин токтотулсун.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча…Приказ · 15.05.2024 · № 04-13/152
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августу № 462 "2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 09.08.2024 · № 462