2-берене
Күчүндө · 14.03.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2133-берене менен толукталсын:
«2133-берене. Ысык-Көл көлүнүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу боюнча талаптарды бузуу -
жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет кайталанып жасалса -
жеке жактарга - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 457-берене «203-213,» деген цифралардан кийин «2133,» деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 14.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230023749/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>