1-берене
Күчүндө · 14.03.2025 редакциясы
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Суу мотоцикли (гидроцикл) - ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар, жогорку ылдамдыктагы жеке суу транспорт каражаты. Асма мотор - кеменин арт жагында жайгашкан, негизинен чакан кемелерде (ялдарда, сейилдөөчү кайыктарда, туристтик кемелерде, скутерлерде) башкы кыймылдаткыч катары орнотууга арналган, кемеден обочолонуп өз алдынча турган винттүү моторлуу түзүлүш. Эки такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын бир айлануусунда, башкача айтканда, поршендин эки жүрүшүндө аткарылат. Жасалма кыймылдаткыч - кол эмгегин пайдалануу менен жасалган жана тиешелүү сертификаты же болбосо документи жок кыймылдаткыч. Төрт такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү поршендүү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын эки айлануусунда, башкача айтканда, поршендин төрт жүрүшүндө (тактында) аткарылат.»;
2) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу бөлүктөр менен толукталсын:
«Ысык-Көл көлүнүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көл көлүнүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилет. Куткаруу иштеринде жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды өткөрүүдө гидроциклдерди пайдаланууга чектөөлөр коюлбайт. Төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.».
Берененин тексти 14.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230023749/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>