Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Ысык-Ата ɵнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен долбоорду ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №40/VIII Ысык-Ата ɵнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен долбоорду ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевдин «Красноречка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №32/VII токтомуна ылайык Красная Речка айылынын көчөлөрүн асфальттоо долбоорун ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Ысык-Ата ɵнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен долбоорду ишке ашыруу максатында Садовая кɵчɵсүн асфальтоо үчүн 70629 - бɵлүмүнүн 3111 – беренесинен – 1 300 000 сом акча каражаты бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 32/VII "Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоого өзүбүздүн салымыбызды бекитүү…Постановление · 17.11.2023 · № 32/VII