Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2025-жылдын 4-марты № 1-д Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы:
- ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын милдеттүү түрдө сактоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын маалымат такталарына жайгаштырсын.
3. Министрликтин басма сөз кызматы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин архив иши боюнча сектору ушул буйруктун көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн:
- расмий жарыяланган күндөн тартып - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- күчүнө кирген күндөн тартып – маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К. Кожомуратовго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 4-мартында https://digital.gov.kg/ky/vedomstvennye-akty/prikaz-mczr-kr-%e2%84%961-d-ot-04-03-2025g/ расмий сайтында жарыяланды
Министри
А.С. Жамангулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык)Положение · 15.11.2021 · № 257 · Күчүн жоготкон