Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна)
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор жана негизги аныктамалар
1. Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) инфраструктуралык долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги аныктамалар пайдаланылат:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - бюджет жана финансы чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
2) дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары;
3) объектти пайдаланууга кабыл алуу акты - объект пайдаланууга берилгендигин ырастаган укук күбөлөндүрүүчү документ;
4) грант берүүчү - долбоору дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга тандоодон жана бекитүүдөн өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашууга кол коюучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы;
5) грант алуучу - долбоору дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга тандоодон жана бекитүүдөн өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
6) жергиликтүү бюджеттердин киреше менен камсыздалышы - тиешелүү жылга жергиликтүү бюджет тарабынан алынышы мүмкүн болгон кирешелердин бир тургунга эсептелген пландалуучу көлөмү;
7) өтүнмө ээси - дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга долбоор берген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
8) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген капиталдык чыгымдардын социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмдөрүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
9) капиталдык чыгымдар - негизги фонддорду курууга, реконструкциялоого, көрктөндүрүүгө, капиталдык оңдоого сарптоолор;
10) мониторинг жүргүзүү - долбоорду ишке ашыруунун учурдагы натыйжалары, долбоорду жүзөгө ашыруунун бүткүл мезгилиндеги финансылык жана материалдык сарптоолор боюнча маалыматтарды чогултуу жана үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү;
11) баалоо - мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын (же баалоо жүргүзүү учурунда алынган маалыматтарды) талдоонун натыйжасы, ал долбоордун учурдагы абалын аныктайт, аралыктык же акыркы жыйынтыктарга жетишүүнү белгилейт, аны жакшыртуу максатында долбоор боюнча ишти өзгөртүүгө сунуштамаларды берет;
12) дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга макулдашуу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы тарабынан кол коюлган грантты берүү шарттары жөнүндө документ.
3. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жалпы өлчөмү жыл сайын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралат.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жободо жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада каралган шарттарга ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга өтүнмө берүүгө укуктуу.
5. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар тиешелүү финансылык жылдын ичинде аяктоого жана пайдаланууга кабыл алынууга (бул долбоордун алкагында) тийиш болгон муниципалдык менчиктин негизги фонддорунун инфраструктуралык долбоорлорунун (мындан ары - долбоорлор) капиталдык чыгымдарына багытталат.
6. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын мобилизацияланган ресурстарына кошумча кошо каржылоо түрүндө берилет.
7. Райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын болжолдуу өлчөмдөрү (квоталардын көлөмдөрү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген формула боюнча аныкталат.
8. Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш.
9. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта берилген документтерди каттоо, экинчи этапта - кошо каржылоо үчүн долбоорлорду баалоо, тандоо жана бекитүү жүзөгө ашырылат.
2-глава. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду кароо боюнча комиссиялар
10. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду кароо үчүн төмөнкүдөй комиссиялар түзүлөт:
1) райондун деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия;
2) облустук маанидеги шаарлардын деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия;
3) республикалык маанидеги - Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия;
4) долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия.
11. Райондук деңгээлдеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлөт; облустук жана республикалык маанидеги шаарларда - тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын саны 9 адамдан турат, ага төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү - долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын төрагасы райондук мамлекеттик администрациянын жетекчиси же жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп саналат;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын өкүлү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрация/жергиликтүү кеңеш тарабынан сунушталуучу өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү. Мында өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50%ынан кем эмесин түзөт.
12. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын жыйыны, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын 2/3 кем эмеси катышса, өттү деп эсептелет.
13. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын катчылыгынын функцияларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык органы аткарат.
14. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүү мөөнөтү жөнүндө жыйынды өткөрүү датасына чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен маалымдалат.
15. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын саны 9дан кем эмес адамды түзөт, ага төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү;
2) өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү. Мында өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50%ынан кем эмесин түзөт.
16. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын төрагасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси болуп саналат.
17. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйыны, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 кем эмеси катышса, өттү деп эсептелет.
18. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүү мөөнөтү жөнүндө жыйынды өткөрүү датасына чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен маалымдалат.
3-глава. Долбоорлорду даярдоо жана берүү шарттары
19. Тиешелүү жылга конкурска жиберилүүчү долбоорлордун тизмеги, алардын артыкчылыгы жергиликтүү кеңештин чечими менен аныкталат жана бекитилет. Берилүүчү долбоорлордун шаарды же айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында болушу милдеттүү шарт болуп саналат. Облустук жана республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тиешелүү жылга 5тен көп эмес артыкчылыктуу долбоорду конкурска жиберет.
20. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алуу үчүн конкурска берилүүчү долбоор боюнча документтер Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамага ылайык түзүлөт жана толтурулат.
21. Өтүнмө ээси долбоорду кошо каржылоону жергиликтүү бюджеттин каражаттары жана тартылган каражаттар менен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыздайт: киреше менен камсыздалышынын деңгээли 500% жана андан жогору болсо - 30%дан кем эмес өлчөмдөгү акчалай салым; 200%дан 500%га чейин - 25%дан кем эмес өлчөмдөгү акчалай салым; 100%дан 200%га чейин - 20%дан кем эмес өлчөмдөгү акчалай салым; 50%дан 100%га чейин - 15%дан кем эмес өлчөмдөгү акчалай салым; киреше менен камсыздалышынын деңгээли 50%дан аз болсо - 7%дан кем эмес өлчөмдөгү акчалай салым.
22. Киреше менен камсыздалышынын деңгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген формула боюнча аныкталат.
4-глава. Долбоорлорду каттоо
23. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорун каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорун каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
24. Пландалган жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылоого тандоо жүргүзүү үчүн долбоорлорду каттоо учурдагы жылдын 1-июлу - 30-ноябры аралыгында жүзөгө ашырылат.
25. Конкурска берилген долбоорлорго каттоо номери ыйгарылат. Берилген документтердин тизмеги каттоо барагында көрсөтүлөт, анын тараптар кол койгон бир нускасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында калат, ал эми экинчиси өтүнмө ээсине берилет.
5-глава. Тандоо боюнча конкурска берилген долбоорлорду кароо тартиби
26. Тандоо боюнча конкурска берилүүчү долбоорлор ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келбеген долбоорлордун тизмеги боюнча долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 10 календардык күндүн ичинде өтүнмө ээлерине маалымдайт.
28. Өтүнмө ээси долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде айтылган сын пикирлерди четтетүүгө жана долбоор боюнча документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына коштомо кат менен киргизүүгө укуктуу.
29. Ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келген жана ылайык келбеген долбоорлордун тизмеги долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 25 календардык күндүн ичинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссияга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген форма боюнча берилет.
30. Тандоо боюнча конкурска берилген долбоорлор жөнүндө маалымат жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
31. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын кароосуна жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү катталган долбоорлор жөнүндө маалыматтын өз убагында берилиши, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык тартат.
32. Долбоорлорду тандоо боюнча конкурска жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан берилүүчү долбоор төмөнкү учурларда каралбайт жана четке кагылат:
1) дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу бүтө элек долбоордун болушу;
2) мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин болушу;
3) дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорго карата аткарылган иштердин наркын жогорулатуу жана акча каражаттарын максатсыз пайдалануу тууралуу контролдоочу, укук коргоо органдары тарабынан жазма буйруктардын болушу;
4) дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорго карата аткарылган иштердин наркын жогорулатуу жана финансылык тартипти бузуу жөнүндө соттук чечимдердин болушу.
6-глава. Долбоорлорду тандоо тартиби
33. Долбоорлорду тандоо баалоонун негизинде жүргүзүлөт, ал долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген критерийлерге ылайык балл түрүндө коюлат.
34. Долбоор боюнча баллды жалпы эсептөө долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурулган баалоо барактарынын негизинде жүргүзүлөт.
35. Долбоорлор алган баллдын суммасы боюнча баалоо рейтинги түзүлөт.
36. Тандалып алынган долбоорлордун тизмеги тиешелүү райондун, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын болжолдонгон өлчөмүнүн (квоталардын көлөмүнүн) алкагында баалоо рейтингинде эң көп балл алган долбоорлордон түзүлөт, ага кошумча баалоо рейтингинде кийинки орундарды ээлеген 5тен ашык эмес долбоор киргизилет.
37. Эгерде баалоонун натыйжалары боюнча долбоорлор бирдей сандагы балл алган учурда, долбоорлорду тандоо боюнча комиссия өтүнмө ээлеринин долбоорлору жөнүндө маалыматты кошумча угат жана добуш берүү жолу менен коллегиялуу чечим кабыл алат.
38. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
39. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин протоколу жана тандалып алынган долбоорлор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жиберилет.
40. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорунун сакталышын текшерет.
7-глава. Долбоорлорду бекитүү жана дем берүүчү (үлүштүк) грантты берүү тартиби
41. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржыланууга тийиш болгон долбоорлордун тизмегин бекитүү тууралуу чечимди долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия кабыл алат.
42. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия кароого тийиш болгон долбоорлордун тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде берилет.
43. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келген райондордун, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиялардын чечимдери менен жактырылган долбоорлордун тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ эмес.
44. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарын бузуу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык органына жана долбоорлорду тандоо боюнча комиссияга документтерди 10 күндүн ичинде талаптагыдай түргө келтирүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талапты жиберет.
45. Ушул Жобонун 44-пунктунун талаптары аткарылбаган учурда тиешелүү райондор жана шаарлар үчүн квотанын көлөмү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өздөштүрүлбөгөн каражаттары берилбейт.
46. Ушул Жобонун 45-пунктунда каралган учурларда түзүлгөн квотанын көлөмү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өздөштүрүлбөгөн каражаттары тиешелүү облустун башка райондорунун баалоо рейтингинде эң көп балл алган долбоорлоруна бөлүштүрүлөт. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын тиешелүү облуста бөлүштүрүлгөндөн кийинки түзүлүүчү өздөштүрүлбөгөн каражаттары республика боюнча баалоо рейтингинин эң көп баллына ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлоруна бөлүштүрүлөт.
47. Жактырылган долбоорлор боюнча конкурстарды (тендерлерди) өткөрүүнүн натыйжасында түзүлгөн үнөмдөлгөн каражаттар республика боюнча баалоо рейтингинде эң көп балл алган кошумча долбоорлорго учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирилбеген мөөнөттө бөлүштүрүлөт.
48. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат.
49. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилген форма боюнча дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга макулдашууга грант алуучу менен грант берүүчүнүн кол коюусу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына жиберилет.
50. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими жөнүндө маалымат өтүнмө ээлерине жөнөтүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.
8-глава. Долбоорлорду каржылоо тартиби
51. Келишимди дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан төлөөлөр аяктагандан кийин транштар боюнча жүзөгө ашырылат. Биринчи транш жергиликтүү бюджеттин өздүк акчалай салымдарынын жана тартылган каражаттардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каражаттарды кошо каржылоонун эсебинен келишимдин жалпы суммасынын 30%ы өлчөмүндөгү аванс менен каржыланат.
52. Кийинки төлөмдөр аванстык төлөмдөрдү алып салуу менен келишим боюнча долбоордун наркынын 20%ынан кем эмес өлчөмдү түзгөн иштерди иш жүзүндө аткаруу жөнүндө берилген отчеттун негизинде каржыланат.
53. Курулуш иштерине келишим боюнча долбоордун наркынын 5% өлчөмүндөгү акыркы транш долбоорду аяктоо жөнүндө отчет берилгенден кийин каржыланат.
54. Долбоорду каржылоо Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
55. Долбоорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан грант берүүчү менен грант алуучунун ортосундагы макулдашуунун шарттары сакталбаган учурда, каржыланган долбоор боюнча укук коргоо же контролдоочу органдар тарабынан бузуулар аныкталган учурда убактылуу токтотулуп турат же токтотулат.
9-глава. Долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү
56. Грант алуучу долбоордун толуктугу, аны ишке ашыруунун натыйжалуулугу, ошондой эле ушул Жобонун жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү коомчулуктун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын алдындагы талаптарынын сакталышы боюнча отчет берет.
57. Долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн төмөнкү деңгээлдери белгиленген:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары долбоорлорду тандоо боюнча комиссиялар жана грант алуучулар тарабынан ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
2) жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт.
58. Долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
59. Аткарылган иштердин сапатын, алардын долбоордук-сметалык документтерге ылайык келүүсүн контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык алынган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды максаттуу пайдалануу, аткарылган иштер жана объекттерди пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө отчетторду өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.
10-глава. Долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
60. Долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) жумуштарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорун "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашыруу;
2) подрядчы менен келишимдик мамилелерди аткаруу;
3) долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу;
4) долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык, санитардык ченемдерди сактоо.
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобого 1-тиркеме
Райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын квоталарынын көлөмдөрүнүн эсеби
Райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын квоталарынын көлөмдөрүнүн эсеби төмөнкү формулалар боюнча аныкталат:
Sжалпы = Sbaz(1-бөлүк) + Sraspred(2-бөлүк) Sbaz(1-бөлүк) = 0,75 * Sжалпы Sraspred(2-бөлүк) = 0,25 * Sжалпы Sржш(1-бөлүк) = Sbaz(1-бөлүк) / Ср. + ш.р. + ш.о. Sp.ш. = 0,025 * Sraspred(2-бөлүк) Sо.ш. = 0,075 * Sraspred(2-бөлүк) Sp. = 0,90 * Sraspred(2-бөлүк) Sraspred.i(2-бөлүк) = (Sр.(2-бөлүк) / So.ш.(2-бөлүк) / Sр.ш.(2-бөлүк) / (КСр/КСобл.ш./КСрес.ш.) * KCi * Ккк, S(р/обл.ш./рес.ш.)i. = Spжшi(1-бөлүк) + Sraspred.i(2-бөлүк),
мында: Sжалпы - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жалпы көлөмү; Sbaz(1-бөлүк) - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын базалык жалпы көлөмү, биринчи бөлүк; Sraspred(2-бөлүк) - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын бөлүштүрүлүүчү жалпы көлөмү, экинчи бөлүк; Sржш(1-бөлүк) - райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар үчүн биринчи бөлүк боюнча бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын базалык жалпы көлөмү; Ср. + р.ш. + о.ш. - райондордун, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жыйынтык саны; Sр.ш.(2-бөлүк) - республикалык маанидеги шаарлар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү; So.ш.(2-бөлүк) - облустук маанидеги шаарлар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү; Sр.(2-бөлүк) - район үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү, экинчи бөлүк; Sraspred.i(2-бөлүк) - i району/облустук маанидеги шаар/республикалык маанидеги шаар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү, экинчи бөлүк; S(p/обл.ш./pec.ш.)i - i району/облустук маанидеги шаар/республикалык маанидеги шаар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жалпы көлөмү; (КСр/КСобл.ш./КСрес.ш.) - Кыргыз Республикасынын тиешелүү түрдө райондук маанидеги шаарларында жана айыл аймактарында/облустук маанидеги шаарларында/республикалык маанидеги шаарларында жашаган тургундардын жыйынтык саны; КСi - i районунда (райондук маанидеги шаарларда жана айыл аймактарында)/облустук маанидеги шаарларда/республикалык маанидеги шаарларда жашаган тургундардын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына ылайык); Ккк - райондордун, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын киреше менен камсыз болуу коэффициенти, киреше менен камсыз болуу деңгээли 50%дан аз болсо - 1,4, 50-100% - 1,2, 100-200% - 1,0, 200-500% - 0,5, 500% жана андан жогору болсо - 0,1ге барабар.
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобого 2-тиркеме
Долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин салымынын жана тартылган каражаттардын минималдуу деңгээлин аныктоо үчүн киреше менен камсыз болуу деңгээлинин эсеби
Долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин салымынын жана тартылган каражаттардын минималдуу деңгээлин аныктоо үчүн киреше менен камсыз болуу деңгээли төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ККi деңгээли = (КБi / КСi) / (КБт / КСт) * 100 (миң сом),
мында: ККi деңгээли - i жергиликтүү бюджетинин киреше менен камсыз болуу деңгээли; КБi - пландалган жылга i жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин болжолу; КСi - i жергиликтүү коомчулугунун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына ылайык); КБт - пландалган жылга жергиликтүү бюджеттердин топторунун кирешелеринин болжолу; КСт - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын топторунун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына ылайык).
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобого 3-тиркеме
Дем берүүчү (үлүштүк) грант боюнча конкурска келип түшкөн долбоорлор жөнүндө МААЛЫМАТ
№
Каттоо №
Долбоордун аталышы
ЖӨБАО аталышы
Долбоордун наркы
Өздүк же тартылган каражаттар
Дем берүүчү гранттарга болгон муктаждык
Долбоор боюнча сын пикирлер
Долбоордун максаттары жана милдеттери
Өздүк же тартылган каражаттары киреше менен камсыз болуу деңгээли боюнча каралгандан көп болгон ЖӨБАО
Бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштар
Дем берүүчү грант боюнча мурда каржыланган долбоорлор боюнча сын пикирлердин болушу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы
______________________________ колу жана мөөрү
___________________________________ аты-жөнү
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобого 4-тиркеме
Долбоорду баалоо барагы (тандоо критерийлери)
№
Критерийлердин аталышы
Индикаторду сыпаттоо
Балл
1
Теңдештирүүчү гранттар боюнча камсыздуулук коэффициенти(*)
Теңдештирүүчү грантты албаган ЖӨБ органынын долбоору
0
- 500гө чейин
5
- 1000ге чейин
10
- 1500гө чейин
15
- 2000ге чейин
20
- 2000ден жогору
25
2
Аймактык деңгээлдеги маанилүүлүгү
- айыл аймагынын, шаардын деңгээлиндеги маанилүүлүгү
5
- бир нече айыл аймактарынын, шаарлардын деңгээлиндеги маанилүүлүгү
10
- райондун деңгээлиндеги маанилүүлүгү
15
3
Калктын артыкчылыктарды аныктоого тартылуусу
-социалдык мобилизациялоо жарандардын айрым топторунун катышуусу менен жүргүзүлгөн
5
- социалдык мобилизациялоо калкты кеңири камтуу менен жүргүзүлгөн
10
4
Долбоордун балдарга жана жаштарга карата социалдык маселелерди өнүктүрүүгө багытталышы
- жок
0
- ооба
10
5
Келечекте долбоордун туруктуулугу
- орто мөөнөттүү келечек (5 жылга чейин)
5
- узак мөөнөттүү келечек (5 жылдан жогору)
15
6
Ушул Жобонун талаптарынан ашыкча накталай каражаттар менен салымдын болушу
- кошумча салымдын жоктугу
0
- 5тен 20%га чейин кошумча салымдын болушу
10
- 20%дан жогору кошумча салымдын болушу
20
7
Калктын каражаттарын чогултуунун эсебинен салымдын болушу
- өздүк салымдын суммасынан 20%га чейин
10
- өздүк салымдын суммасынан 50%га чейин
20
- өздүк салымдын суммасынан 100% жана андан жогору
30
8
Долбоор ишке ашырылуучу айылдын чек арага чектеш аймактар өзгөчө статусунун болушу
- статусу жок
0
- статусу бар
10
9
Долбоор ишке ашырылуучу айылдын бийик тоолуу жана алыскы айыл статусунун болушу
- статусу жок
0
- статусу бар
10
10
Жаңы жумуш орундарын түзүү
- түзүлбөйт
0
- 5тен 10го чейин жумуш орундары түзүлөт
5
- 10 жана андан ашык жумуш орундары түзүлөт
10
11
Киреше алып келүүчү долбоор
-жок
0
- ооба
10
12
ЖӨБАОнун акыркы 10 жыл ичинде ДҮГ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тарыхынын болушу
- 10 жана андан ашык долбоор
0
- 6дан 10го чейин долбоор
5
- 0дөн 5ке чейин долбоор
10
Жыйынтыгы:
Теңдештирүүчү гранттар боюнча камсыздуулук коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
* Ктгi = TГi / КСi,
мында: Ктгi - i жергиликтүү бюджетинин теңдештирүүчү грантынын камсыздуулук коэффициенти; ТГi - пландалган жылга i жергиликтүү коомчулугунун жергиликтүү бюджетинин теңдештирүүчү грантынын көлөмүнүн болжолу; КСi - i жергиликтүү коомчулугунун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына ылайык).
Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобого 5-тиркеме
Дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга МАКУЛДАШУУ
______________________ (жери)
____________________ (датасы)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 20__-жылдын "___" __________ № _____ колдонуудагы буйругуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын (мындан ары - "Тараптар") ортосундагы дем берүүчү (үлүштүк) грантты алуу макулдашуусуна (мындан ары - Макулдашуу) кол коюуга ыйгарым укук берет. Мындан ары "Грант берүүчү" деп аталуучу _____________________ атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчиси бир тараптан жана мындан ары "Грант алуучу" деп аталуучу _______________ (ченемдик актынын аталышы) негизинде иш алып баруучу ________________ атынан ______________ облусунун ______________ районунун ________________ айыл аймагынын/мэриясынын башчысы экинчи тараптан төмөнкүлөр жөнүндө Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1. Макулдашуу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын "___" __________ чечиминин негизинде түзүлдү.
2. Макулдашуунун предмети болуп Грант берүүчү тарабынан Грант алуучуга сметалык наркы _______________ (сумма жазуу менен) сом болгон ______________ (долбоордун аталышы) долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы _______________ (сумма жазуу менен) сомду түзгөн дем берүүчү (үлүштүк) грантты транштар боюнча бөлүп берүү саналат, анын ичинен өздүк жана тартылган каражаттар _______________ (сумма жазуу менен) сомду түзөт. Республикалык бюджеттен каржылануучу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмдөрү долбоор боюнча курулуш иштерин аткарууга конкурстардын негизинде түзүлгөн келишимдерге негизделип, сметалык иштердин наркы төмөндөгөндө такталат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3. Грант алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Макулдашуунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарын так максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууга;
2) республикалык бюджеттен алынган акча каражаттарынын, ошондой эле Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамага ылайык өздүк жана тартылган каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчет берүүгө.
4. Грант берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
- жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан төлөөлөр аяктагандан кийин долбоорлорду дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоону транштар боюнча жүзөгө ашырууга:
1) биринчи транш - жергиликтүү бюджеттин өздүк акчалай салымдарынын жана тартылган каражаттардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каражаттарды кошо каржылоонун эсебинен долбоордун жалпы суммасынын 30%ы өлчөмүндөгү аванс менен;
2) кийинки төлөмдөр - аванстык төлөмдөрдү алып салуу менен келишим боюнча долбоордун наркынын 20%ынан кем эмес өлчөмдү түзгөн иштерди иш жүзүндө аткаруу боюнча берилген отчеттун негизинде;
3) курулуш иштерине келишим боюнча долбоордун наркынын 5% өлчөмүндөгү акыркы траншты - долбоорду аяктоо жөнүндө отчет берилгенден кийин.
5. Грант берүүчү Макулдашуунун негизинде бөлүнүп берилген акча каражаттарынын, ошондой эле өздүк жана тартылган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө укуктуу.
6. Которулган акча каражаттарын максатсыз пайдалануу аныкталган жана Макулдашуунун шарттары Грант алуучу тарабынан аткарылбаган учурда Грант берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөөлөрдү убактылуу токтото туруу же токтотуу, бир тараптуу тартипте Макулдашууну бузуу тууралуу сунуш даярдайт.
3. Башка шарттар
7. Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Макулдашуу долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгили ичинде колдонулат.
9. Макулдашуу бир тараптуу тартипте Грант берүүчүнүн демилгеси боюнча Макулдашуунун 6-пунктуна ылайык бузулушу мүмкүн.
10. Макулдашуу боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечет. Эгерде Тараптар талаш маселелер боюнча макулдашууга келишпесе, талаш сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
11. Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада, мамлекеттик же расмий тилде, Тараптардын ар бири үчүн бирден түзүлдү.
4. Тараптардын реквизиттери
Грант берүүчү
Грант алуучу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы
Өтүнмө ээси
Юридикалык дареги: _________________________________ БИК _________________________________ ОКПО _________________________________ ИСН _________________________________ А/э _________________________________ Аты-жөнү _________________________________
Юридикалык дареги: _________________________________ БИК _________________________________ ОКПО _________________________________ ИСН _________________________________ А/э _________________________________ Аты-жөнү _________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 43 “Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө” токтомуПостановление · 16.06.2025 · № 43
- Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июну № 42 “Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө” токтомуПостановление · 16.06.2025 · № 42
- Бириккен Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-марты № 24 "Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2025 · № 24
- Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу…Постановление · 30.01.2026 · № 4
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 "Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана…Постановление · 01.03.2025 · № 103
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон