Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024 жылдын 12-айда аткарылган иштери жөнүндө отчету» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/10 Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024 жылдын 12-айда аткарылган иштери жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024 жылдын 12-айда аткарылган иштери жөнүндө отчетун угуп, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 12-айда аткарылган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т.К. Кулжанов
Нарзан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12 айынын аткарылган иштери боюнча маалыматы
Нарзан айыл өкмөтү шаардын борборунан 40 км. Райондун борбору. Нарзан айыл өкмөтү Беловодск , Ак-Суу жана Кош Дөбө айылдардан турат. Жалпы аянты – 90008,0 миң.кв. м Нарзан айыл өкмөтүнүн карамагында: 7 жалпы орто мектеби 6 бала-бакча 2 маданият үй. Калкынын жалпы саны – 35253 адам. Нарзан айыл өкмөтүнүн 2024 жылдын 12 айдын ичинде бюджеттин аткарылышы:
2024-жылдын 12 айына киреше бѳлүгүнүн бекитилген планы 160 013,3 миң сом. Түшкѳн киреше факты боюнча 180 014,1 миң сомду түзүп, берилген план 104,1 % аткарылды. Бекитилген пландан ашыкча түшкөн киреше 7010,9 миң сом түздү.
Ички чарбалык каналдарды тазалоо:
Нарзан айыл аймагында ички чарбалык каналдарды тазалоо үчүн 1300,0 миң сом акча каражат бөлүнүп, 18 км ирригация тармактары Фрунзе, Южная, Железнодорожный, Красноармейский, М. Самсалиева к. № 32,722,669,715 контурлары тазаланды. Кош-Дөбө айылындагы 1,3 км узундуктагы ачык дренаждык тармактарды Москва мелиорация бөлүмү тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу :
- 2024-жылы жергиликтүү бюджеттен суу түтүктөрүн капиталдык ремонт иштерине, кудуктарды (скважиналарды) тазалоо иштерине жалпысынан 30,4 млн сом каралган.
- Эскилиги жеткен ичүүчү суу түтүктөрдүн капиталдык ремонтуна 6300,0 миң сомго 3000 метр түтүктөр сатып алынды.
- Калкты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылууга кудуктардагы (скважина) иштен чыккан терең насосторду тез арада алмаштыруу үчүн 5 даана насос 1590,0 миң сомго жана электрондук башкаруусу (шкаф управления) 5 даана 600,0 миң сомго сатып алынган.
- Ошондой эле ичүүчү суунун көлөмүн көбөйтүү максатында аймактагы 3 даана кудуктары тазаланды алар: РИИБ имаратынын жанындагы кудук-1397,3 миң сом, Калинина/Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кудук-1367,5 миң сом, Ак-Суу айылында жайгашкан ипподромдун жанындагы кудук-2050,1 миң сомго тазаланды.
- Башкы суу топтоочу мунарада жаңы скважина бурооло иштери жүргүзүлүп ишке берилип 7400,0 миң сом сарпталды.
- Беловодское айылындагы таштанды таштоочу жайдын аймагына өрт өчүрүүгө 360,0 миң сомго 240 метр 4 гидранты орнотулду.
Жолдорду шагылдандырууга жергиликтүү бюджеттен 4 млн. 279,9 миң сом каржыланды. Комсомольская, Ленина, Ломоносова көчөлөрүндө чуңкурларды оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 1 млн 500,0 миң сом каржыланды : Беловодск айылы: Комсомольский тар көч. (чыгыш тарабы) – 450 м. Украинская көч. – 120 м. (Киров көч. тартып көпүрөгө чейин). Московская көч. – 720 м. Токомбаева көч. – 300 м. (Киров көч. кирүү жолу) Урожайная көч. – 350 м. (түндүк тарабы) Береговая көч. – 950 м. Панфилов көч. – 400 м. Щорса көч. – 930 м. (50 лет Киргизии көч. тартып Красноармейский көч. чейин) Ломоносова көч. – 400 м. Советский тар көч. – 450 м. Ак-Суу айылы: Пишпекский көч. – 350 м. (Ипподромныйдан Тополева көч. чейин) Косыгин тар көч. – 150 м. (Иподромный көч. тартып). Добровольская 23, 3 көч. – 200 м. (көп кабатуу үйлөрдүн алды) (снятие старого асфальта) - 50 лет Октября көч. – 350 м. (до МЧС) Есенина – 150 м. (Иподромныйдан Тополева көч. чейин) Красноармейская көч. – 720 м. ( Комсомольская көч. тартып Железнодорожная көч. чейин). Комсомольская көч. – 50 м. (заезд к соц. жилью) Ак-Суу айылы (көрүстөн) – 250 м. Кош-Дөбө айылы (көрүстөн) –260 м. Береговая көч. – 350 м. Сыйданова көч. – 200 м. (асфальтты чечүү) Дет. Дом – 100 м. (асфальтты чечүү)
Советский тар көч. – 220 м Жолдорду асфальттоо 31 532 212,0 сомго оңдолду.
№ п/п
Көчөнүн аталышы
Жумуштун көлөмү
1.
Строительный тар көчөсү
690м2
2.
Степаненко көчөсү
250*3
3.
Солнечная көчөсү
33*4
4.
Гайдара көчөсү
800*4
5.
Железнодорожная көчөсү
325*6
6.
Дачная көчөсү
380*4
7.
Луговая көчөсү
420*3
8.
Ак Суу айылы Чапаева тар көчөсү
200*3.5
9.
Ак Суу айылы Чапаева тар көчөсү
212*3.5
10.
Ак Суу айылы Суворова көчөсү
245*3.5
11.
Ак - Суу айылы Добровольская көчөсү
231*3.5
12.
Ак - Суу айылы Советская көчөсү
320*3.5
13.
Ак - Суу айылы Кузнецова көчөсү
400*3.5
14.
Ак - Суу айылы Логвиненко көчөсү
500*3.5
15.
Ак - Суу айылы Косыгина көчөсү
400*3.5
16.
Ак - Суу айылы К.Маркса көчөсү
303*3.5
17.
Беловодское айылыны Луговая көчөсү (иштерди бүтүрүү)
952 м2
18.
Беловодское айылы,
774*4
19.
Крупская,
774*4
20.
Комсомольская,
250*4
21.
Урожайная көчөлөрү
625*3.2
22.
Кош-Добо айылы Самсалиева көчөсү
Жалпысы:
8 349
- Айыл аймагынын тазалыгын сактоо максатында Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын резервтик фондунан 470,0 миң сомго 2 таштанды ташуучу электромобиль сатып алынды.
- АРИС долбоорунун негизинде 5900,0 миң сомго таштанды ташуучу унаа сатылып алынган.
- Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен Беловодск айылындагы Зорге көчөсүндө жалпы суммасы 10,0 млн сомдон ашык сейил бак курулду.
- Долбоор АРИСтин каражаттарынын эсебинен “Ласточка” бала бакчасын оңдоо түзөө иштерине 3112,8 миң сомго жасалды.
- «Колокольчик» бала бакчасынын музыкалык залына жана ажатканага жергиликтүү бюджеттен 1800,0 миң сомго оңдоо иштери жүрдү.
- Биринчи Май орто мектебинин имаратында 3 сааттык бакча ачылып 417,0 миң сомго имаратты оңдоо иштери жүргүзүлдү.
- Ак-Суу айылынын №1 мектебине кичи футбол аянтчасы 4197,0 миң сом курулду.( долбоордун дем берүүчү гранты 2575,5 миң сом, 1621,5 миң сом айыл өкмөтүнүн салымы).
- Нарзан айыл аймагынын Колхозная, Живпром, Зорге, Ленина, Китаева көчөлөрүнө балдар аянтчасы 965,0 миң сомго жергиликтүү бюджеттен орнотулду.
- Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен 300,0 миң сомго Москва районунун аймактык ооруканасынын жанына брусчатка төшөлүп , эстелиги тургузулду.
- Борбордук аянттагы фонтанды 270,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланып МИ "Таза Нарза” тарабынан оңдоо иштери жүрдү.
- Борбордук аянттагы фонтандын брусчаткасын демөөрчүлөрдүн эсебинен 720,0 миң сомго жаңы брусчатка төшөлдү.
- Ленина көчөсүндө тротуарга жергиликтүү бюджеттен 1945,0 миң сомго брусчатка төшөлдү. Ошондой эле отургучтар орнотулду.
- Ак-Суу айылындагы ҮДТга 635,8 миң сомго өзүнчө кире бериш , аллея жасалып беседка орнотулду.
- Беловодск айылынын борбордук аянтына бийиктиги 27 метр болгон флагшток 1551,9 миң сомго орнотулду.
- Беловодск айылынын борбордук аянтында 1013,4 миң сомго LED экран орнотулду.
- Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2013,4 миң сомго жарык берүүчү жабдуулар алынды.
- «Коопсуз шаар» камералары: Кирова , Ленина көчөлөрүнө жана таштанды жай, парк ичи, башкы суу топтоочу манарага 296,2 миң сомго орнотулду.
- Беловодск айылынын борбордук аянтына 820,0 миң сом милициянын таяныч пункту орнотулду.
- Беловодск айылындагы демөөрчүлөрдүн эсебинен 14,0 млн сомго парк ичи жаңыланды.
- 2024-жылдын 12 айында 263 260,0 миң сом инвестиция тартылып 26 объект ишке киргизилди, жалпысынан бүгүнкү күндө 141 жумушчу орун түзүлдү.
«Жашыл Мурас» улуттук программасы:
Айыл өкмттүн бюджетинен 1000,0 миң сом бөлүнүп Ленина/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде клумба орнотулуп 200 роза гүлү отургузулду. Төрөт үйүнүн жанында борбордук сейил бактагы гүлзарларга 4500 гүл жана 50 бак-дарак отургузулду. Мектептерге жана бала бакчаларга 850дөн ашык бак-дарак отургузулуп, жергиликүү тургундар, активисттер жана демөөрчүлөр жалпысынан 14 миңден ашуун бак-дарактарды отургузушту. Жалпысынан 15 миңден ашуун бак-дарак отургузулду. Санитардык тазалоо боюнча үч айлыктын алкагында ишембиликтерге 3380дөн ашуун тургуну катышып 150 тонна таштанды чыгарылды.
Социалдык коргоо маселелери боюнча маалымат:
- Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам 44 жаран өз бизнесин ачуу үчүн 100, 0 миң сомдук сертификат алышты. 2024-жылдын 24-июлунда Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаев 2022-2023-жылдары мал чарбачылык жана үй канаттуу багытында социалдык контракт алгандарга чөп жана жем сатып алууга бир жолку материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттен 340000 (үч жүз кырк миң) сом акча каражат бөлүнүп берилди, ар бирине 10 миң сомдон. 2022-2023-жылы Нарзан айыл аймагында 67 үй-бүлө соц.контракт алган, анын ичинен 34 үй-бүлө мал багытында ишкердик кылат.
- «Үй –бүлөөгө көмөк» алуучулар 22 үй-бүлөө 76 бала.
- 2024-жылдын 15-февралында Беловодск айылынын борбордук паркында Советтик аскерлердин Афганистан демократиялык республикасынан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. 30 жоокерге жергиликтүү бюджеттен 155 000 (жүз элүү беш миң) сом бөлүнүп берилди.
- 2024-жылдын 5-апрелинде “7-апрель Элдик Апрель революциясы күнүнө" карата Беловодск айылынын борбордук паркында Апрель революциясынын баатырларынын эстелигине куран окулуп, гүл коюу аземи болуп өттү. 7-апрель Элдик революциясынын төрт катышуучусуна жалпы 25 000 (жыйырма беш) миң сом материалдык жардам берилди.
- 2024-жылдын 26-апрелинде Чернобыль апаатынын 38 жылдыгына карата Беловодск айлында Чернобыль Апаатынын баатырларын эскерүү иш-чарасы болуп куран окулуп, гүл кою аземи болуп өттү. 12 катышуучусуна жана катышуучулардын 11 жесирине 5000 (беш) миң сомдон, жалпысынан 115000 (жүз он беш миң ) сом материалдык жардам бөлүндү.
- Нарзан айыл аймагында Алтын тамга аттестатына ээ болгон №1Ак-Суу мектебинин окуучусу Курманбекова Элнура Курманбековага Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Оскомбаев И.Э. 50 миң сомдук сертификат тапшырды жана 3 предметтик мугалими, мектеп мүдүрү ар бири 10 миң сомдук сертификат алышты. Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөдөн Нарзан айыл аймагында 200 балдан ашык алган 11-класстын окуучулары. 2024-жылдын 1-июнунда Беловодск айлынын борбордук паркында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата аниматорлордун катышуусунда майрамдык концерт үюштурулуп, бекер балмуздактар тапшырылды. 150 мүмкүнчүлүгү чектелген балага 1000 (миң) сомдон жалпы суммасы 150000 (жүз элүү миң) сом материалдык жардам берилди.
- 1 октябрь Эл Аралык карылар күнүнө жергилдиктүү бюджеттен 1,0 миң сомдон 1151 кары адам акчалай жардам алышты , ошондой эле кайрымдуулук сый тамак уюштурулду. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Крнын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду урматтоо жана эскерүү күнү Баткен окуясынын катышуучуларын жергиликтүү бюджеттен 48 катышуучуга 5000 миң сомдон 240,0 миң сом тапшырылды.
- Жергиликтүү бюджеттен 21 тоголок жетим балдарга кышкы кийим сатып алуу үчүн ар бирине 10000 миң сомдон материалдык жардам берилди.
- Жалпы республикалык тестирлөөдөн Нарзан айыл аймагында эң көп балл алган 11-класстын окуучуларын сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен ар бирине 10000 (он миң) сомдон жалпы 20000 (жыйырма миң) сом акча каражат бөлүнүп берилди:
-№3 Беловодск-лицей мектебинин 11а классынын окуучусу Рысманова Бегимай Асылбековнага сыйлоо үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
-№1 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Мелисбекова Сезим Бакытовнага сыйлоо үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана Нарзан айыл аймагынын жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдер жамааты сыйланды:
-Москва районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аширбаева Мээрим Эриковнага - сыйлоо үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
-№3 Беловодск-лицей мектебинин мугалимдер жамаатын сыйлоо үчүн – Орозалиева Наталья Николаевнага 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
-№1 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдер жамаатын сыйлоо үчүн – Байгазиева Венера Сыдыкбековнага 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттанаттарды жана маркумду эскерүү үрп –адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында: мал сойбоо, ысырап –корчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрү иштери калк арасында жүргүзүлүдө, 40 адам каза болгон(2024-жылы).
Аткарылуудагы жумуштар:
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында КРнын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгына негиз Беловодск айылында Чаа бийдин айкелин орнотуу иштери жүрүп жатат. Беловодск айылында жайгашкан жаш өспүрүмдөр спорт мектебиндеги бүгүнкү күндөгү реконструкция, оңдоп-түзөө иштери.
Башчы
И.Э.Оскомбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…Указ · 24.02.2022 · № 54
- КР Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.05.2022 · № 157