Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуу
1. Ушул Мыйзамда ишкердик ишти жөнгө салуу ишкерлерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөнү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну болжойт.
2. Жөнгө салуучу пилоттук чөйрө - колдонуудагы мыйзамдарды бузуу тобокелдигисиз чектелген чөйрөдө долбоорлорду тестирлөөгө мамлекеттик органдарга мүмкүндүк берүүчү инновациялык/жаңы долбоорлорду эксперимент тартибинде тестирлөө үчүн укуктук режим.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында же бүткүл аймагында пилоттук жөнгө салуу долбоорун ("жөнгө салуучу пилоттук чөйрө" режимин) бир жылга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.
Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынат же ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү же ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп таануу боюнча башка чаралар кабыл алынат.";
2) 2-берененин сегизинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган:
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылат;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- бизнес-шериктештиктин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзөт, бул жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- ченемдик актылардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген принциптерге шайкештигине, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жөнгө салуунун натыйжалуулугуна карата аларды кайра кароо боюнча сунуштарды чогултуу жана даярдоо боюнча координациялоочу орган болуп саналат;
- ушул Мыйзамга ылайык келбеген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо же күчүн жоготту деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизет.";
4) 4-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды негиздемелери менен берет. Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары, ыйгарым укуктары, курамы жана ишинин башка маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун үчүнчү этабы
1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссия ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
2. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан корутунду берилгенден кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкеш эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте ушул Мыйзамга шайкеш келтирет.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга шайкеш эместигин аныктаган учурда аларды өзүнүн чечими менен жокко чыгара алат.";
7) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230023272/st-2" title="2-берене - Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>