Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25-февралы № 90 «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын бекитүү жөнүндө
Калктын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиялык бакубаттыгын камсыз кылуу максатында, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 42-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасынын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдар, министрликтер жана административдик ведомстволор:
1) иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 609 «2020–2024-жылдарга «Иммунопрофилактика» программасын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомду ишке ашыруу тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 15 (3671) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- "2025–2030-жылдарга иммундук профилактика" программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 90 токтому менен бекитилди)Программа · 25.02.2025 · № 90
- "2025–2030-жылдарга иммундук профилактика" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 90…План · 25.02.2025 · № 90
- "2025–2030-жылдарга иммундук-профилактика" программасынын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Матрица · 25.02.2025 · № 90
- 2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 609 токтому менен бекитилди)Программа · 16.12.2020 · № 609 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 609 "2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2020 · № 609 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 609 "2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2020 · № 609 · Күчүн жоготкон