«2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 90 токтому менен бекитилди)
«2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№
Милдеттер
Чаралар/Аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
1
2
3
4
5
6
1. Программанын ишке ашырылышына саясий колдоо көрсөтүү жана кадрдык потенциалды күчөтүү
1.1
Программаны жетекчиликке алуу жана башкаруу иштерин күчөтүү
Программага инвестициялоонун артыкчылыктары жана пайдасы боюнча саясий чечим кабыл алуучу адамдардын деңгээлинде иммунизацияны илгерилетүү
Жыл сайын
Программага жетиштүү өлчөмдөгү бюджеттик каржылоо бөлүндү
ССМ, ФМ
Программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ведомство аралык жана сектор аралык координацияны күчөтүү
Жыл сайын
Программанын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын ведомство аралык жана сектор аралык координациялоону күчөтүү боюнча натыйжалар жетишилди
ССМ
Иммунизация пункттарын квалификациялуу кызматкерлер менен толуктоо аркылуу иммунизация системасынын толук кандуу иштөөсүн камсыздоо
Жыл сайын
Иммунизация пункттары (БМСЖ) кызматкерлердин керектүү саны менен 95 % толукталды. Иммунизация боюнча кызмат көрсөтүүчү медициналык кызматкерлердин 95 %ын даярдоо жана кайра даярдоо камсыз кылынды
ССМ, өнөктөштөр
Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары иммунизацияны колдонуу менен Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү (ТӨМ индикатору)
Жыл сайын
ТӨМ индикаторлорунун матрицасы даярдалды (профилактикалык эмдөө календарынын негизги антигендери)
ССМ, өнөктөштөр
1.2
Коомдук пикирдин лидерлерин жана кызыкдар тараптарды кабарлоо жана тартуу
Коомдук лидерлерди жана кызыкдар тараптарды бардык баскычтарда иммунизацияны илгерилетүү үчүн күчтүү альянсты түзүүгө тартуу механизмин кеңейтүү жана колдоо
Жыл сайын
Профилактикалык эмдөөлөр 90 %дан кем эмес деңгээлде жогорку камтуу менен камсыздалды
ССМ, ДИМК
Коомдук пикирдин лидерлери, кызыкдар тараптар менен маалымат алмашууга көмөктөшүү жана иммунизацияны пропагандалоо үчүн Программанын негизги персоналын даярдоо деңгээлин жогорулатуу
Жыл сайын
Коомдук пикирдин лидерлеринин жана кызыкдар тараптардын кабардар болуу деңгээли жогорулатылды
ССМ
1.3
Иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген саясатты ишке ашыруу жана иштеп чыгуу максатында ИЭИТТны чыңдоо
Программада белгиленген көрсөткүчтөргө ИЭИТТтин тийгизген таасирин жана натыйжалуулугун баалоо
Жыл сайын
Вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн практикалык сунуштар даярдалды
ССМ
ИЭИТТнын эквиваленттүү региондук (Европа техникалык-консультативдик эксперттер тобу) жана глобалдык (стратегиялык консультивдик эксперттер тобу) консультативдик органдар менен болгон байланышын колдоо жана чыңдоо
Жыл сайын
ИЭЕТКБге, РЖТга катышуу камсыздалды
ССМ, өнөктөштөр
2. Натыйжалуу адвокация жана коммуникация аркылуу иммунизация боюнча маалымдуулукту,
ишенимди жана суроо-талапты жогорулатуу
2.1
Вакциналарга жана иммунизация боюнча кызмат көрсөтүүлөргө болгон ишенимди чыңдоо жана суроо-талапты жана байланыштарды туруктуу негизде түзүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулар менен байланышкан тобокелдиктер, вакцинациянын артыкчылыктары жөнүндө калкка маалымат берүү
2024–2030-жылдар мезгилине коммуникация планын ишке ашыруу жана пландуу иммунизацияга карата суроо-талапты жогорулатуу
Жыл сайын
2024–2030-жылдар мезгилине карата коммуникация планы ишке ашырылды, пландуу иммунизацияга суроо-талап жогорулады. Энелердин 90 %ы профилактикалык эмдөөлөр календары жөнүндө толук маалыматка ээ
ССМ, өнөктөштөр
2.2
Маалымат берүү жана позитивдүү медиа-чөйрөнү колдоо үчүн жаңы өнөктөштөрдү, коомдук лидерлерди тартуу
Жаңы өнөктөштөрдүн, анын ичинде окутуучулардын, диний лидерлердин, салттуу жана социалдык медиа өкүлдөрүнүн, саламаттык сактоо кызматкерлеринин, иммунизация боюнча даярдыктан өткөн коомдук лидерлердин тизмесин кеңейтүү
Жыл сайын
Бардык аймактык бирдиктерде кеминде 95 % деңгээлинде профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу менен жаңы өнөктөштөрдүн тизмеси даярдалды
ССМ, өнөктөштөр
3. Ыңгайлаштырылган, инновациялык стратегиялар аркылуу калкка иммунизация кызмат
көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
3.1
Жетиштүү деңгээлде тейлөөгө алынбаган калкты жана теңсиздиктин себептерин аныктоо
Калк тобун жана тобокелдик тобун аныктоо, алардын эмдөөдөн толук өтпөй калуу себептерин аныктоо: административдик маалыматтар боюнча; изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча (КККТ, аялуу топтун арасындагы камтуу ж.б.)
Жыл сайын
ДСУ/ЮНИСЕФ бириктирилген отчёту, КККТ жана башка изилдөөлөр боюнча отчёттор берилди
ССМ, ЭСКММ, БИМ, УСК, өнөктөштөр
Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын (социалдык жана аялуу адамдар) иммунизацияга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн учурдагы укуктук же административдик тоскоолдуктарды аныктоо
2025-жылдын III кварталы
Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калкты камтуу мүмкүнчүлүгү пайда болду
ССМ, ЭСКММ, БИМ, УСК, өнөктөштөр
Программаны жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын (социалдык жана аялуу адамдар) муктаждыктарына адаптациялоо
2025-жылдын IV кварталы
Программаны жетиштүү деңгээлде тейленбеген калкка (социалдык жана аялуу адамдар) адаптациялоо жөнүндө ССМ буйругу даярдалды
ССМ, ЭСКММ, БИМ
3.2
Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын көйгөйлөрүн жана теңсиздиктин себептерин чечүү үчүн жекече инновациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана киргизүү
Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарынын алкагында профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу боюнча планды жана коммуникация жана вакцинацияга карата суроо-талапты түзүү боюнча планды жүзөгө ашыруу
2025–2026-жылдар
2025–2026-жылдарга пландардын аткарылышы боюнча аналитикалык сереп даярдалды
ССМ, БИМ
5 жашка чейинки толук эмделбей калган балдар арасында иммунизация жүргүзүүнү камсыздоо жана «Ваучердик каржылоо системасы» долбоорунун планы менен интеграциялоо
2025–2026-жылдар
1–5 жаш курактык топтогу бардык эмделген жана толук эмделбей калган балдарды 85 %га камтуу камсыз кылынды
ССМ, ЭСКММ, БИМ
Чоң адамдар арасында дифтерияга жана столбнякка каршы иммунизация боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүү
2026–2027-жылдар
90 % деңгээлде камтуу жетишилди
ССМ, ФМ, БИМ
3.3
Иммунизацияга адилеттүү жетүүнү камсыз кылуу үчүн системаны жана мүмкүнчүлүк-төрдү түзүү
Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын курамдык бөлүгү болуучу жана колдонуудагы медициналык отчеттуулуктун формаларын алмаштыруучу иммунизацияны эсепке алуунун электрондук формаларын практикага киргизүү аркылуу ар бир адамдын эмдөө статусуна мониторинг жүргүзүү
Жыл сайын
I-Emdoo маалымат системасынын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын дашборддору интеграцияланды
ССМ, СӨМ
4. Программадагы маалыматтарды башкаруу жана мониторинг жүргүзүү системасын күчөтүү
4.1
Программанын жана саламаттык сактоо системасынын алкагында комплекстүү, координация-ланган ыкмаларды иштеп чыгуу
Эл аралык мааниге ээ ВБЖО келип чыккан учурда кабыл алынган Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин алкагында чара көрүүлөрдү күчөтүүнү камсыздоо
Жыл сайын
Алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чаралардын комплекси камсыз кылынган
ССМ, өнөктөштөр
Вакциналарды жеткирүү жана сактоо системасы үчүн стандарттарды жана операциялык жол-жоболорду киргизүү менен дары каражаттарын жүгүртүү боюнча ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирүү
2026–2027-жылдар
Вакциналарды натыйжалуу башкаруу стандарттары сакталган
ССМ
Программанын саламаттык сактоонун кыйла кеңири стратегияларына шайкеш келишин камсыз кылуу (балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна карата саясат, коомдук саламаттык сактоо жана саламаттык сактоо системаларынын саясаты)
Жыл сайын
Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык бардык эмдөөлөрдү алган 2 жашка чейинки балдарды 90 % камтуу камсыз кылынды
ССМ, ЭСКММ, БИМ
4.2
Мониторинг жана баалоо
Иммунизацияда санариптештирүүнүн жол каратасынын иш-чараларын жүзөгө ашыруу жана санариптик саламаттык сактоо системасында маалымат базалары менен интеграциялоону камсыздоо
Жыл сайын
Иммунизациялоо процесстерин натыйжалуу башкарууну жана саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуучу бирдиктүү интеграцияланган санариптик система киргизилди
ССМ, СӨМ, өнөктөштөр
Иммунизациядан кийин ВБЖОну жана кыйыр таасирлерди эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү күчөтүү
Жыл сайын
Профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу көрсөткүчтөрү жана ВБЖО менен оору көрсөткүчтөрү камтылган аналитикалык отчеттор даярдалды
ССМ, өнөктөштөр
4.3
Программада иштеген адистердин потенциалын күчөтүү
Иммунизация ооруларды комплекстүү контролдоонун компоненти катары каралган жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу менен дипломго чейинки жана дипломдон кийинки программаларды институтташтыруу
Жыл сайын
КМКДжАЖИ иммунизация боюнча окуу пландарына толуктоолор киргизилди
ССМ
Потенциалды жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү, ошондой эле бардык деңгээлдерде окутууну (мисалы, электрондук окутуу, насаатчылык, тармактарды түзүү) илгерилетүү жана колдоо үчүн окутуунун жаңы методдорун пайдалануу
Жыл сайын
Интернет-мейкиндигинде иммунизацияны пропагандалоо бекитилди
ССМ
Комплекстүү окутуу жана сертификациялоо жолу менен иммунизацияга карата суроо-талапка дем берүү жаатында медициналык кызматкелердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу
Медициналык кызматкерлердин 95 %ы иммунизацияга карата суроо-талапка дем берүү маселелери боюнча окутулду жана аккредитацияланды
ССМ
4.4
Инфраструктура-ны жана логистиканы күчөтүү
Вакциналарды натыйжалуу башкарууну өркүндөтүү боюнча планды жүзөгө ашыруу
2025–2026-жылдар
Вакциналарды натыйжалуу башкаруунун стандарттары сакталды
ССМ
2025–2030-жылдардын мезгилине программада муздаткыч чынжырчасы жабдууларын модернизациялоо боюнча планды жаңылоо
2025-жыл
Вакциналарды натыйжалуу башкаруунун стандарттары сакталды
ССМ
Борбордук вакцина сакталуучу кампа куруу
2025–2026-жылдар
Талаптагыдай дистрибьютердик практиканы (GDP) эске алуу менен вакцина сакталуучу кампа курулду
ССМ, өнөктөштөр
Облустук жана райондук деңгээлдеги бардык вакцина кампаларынын (2022–2024-жылдардагы жаңы вакцина кампаларынан сырткары) инфрастуктурасын баалоо жана куруу же реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн пландаштыруу
2025-жыл
Вакцина кампаларын баалоо боюнча керектөөлөр жана сунуштар менен бирге отчет даярдалды
ССМ, өнөктөштөр
Облустук/шаардык/райондук вакцина кампаларын курууну/реконструкциялоону пландоо
2025–2030-жылдар
Аталган кампалардагы вакциналарды натыйжалуу башкаруунун стандарттары сакталды
ССМ, өнөктөштөр
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда Вакциналарга жана керектелүүчү материалдарга бажылык тариздөө жол-жоболорун натыйжалуу жана тез жүргүзүү боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду даярдоо
2025-жыл
Вакциналардын жана чыгымдалуучу материалдарды бажы тариздөө жол-жоболорун тездетүү боюнча макулдашуу камсыз кылынды
ССМ
Муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу боюнча платформанын (МЧЖОП) алкагында Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык Альянска өтүнмө даярдоо
2025-жыл
Муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу боюнча өтүнмө даярдалды
ССМ, өнөктөштөр
5. Сапаттуу вакциналарга кепилденген жетүү үчүн финансылык туруктуулукту жана
Программаны натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу
5.1
Өзүн-өзү финансылык камсыздоого жетишүү контекстинде максаттарга жетүү үчүн Программага адекваттуу каржылоо бөлүү
Иммунизациянын жетишкен-диктерин колдоо жана алдыга жылдыруу максатында иммунизациянын финансылык милдеттенмелерин бекемдөө үчүн иммунизациянын артыкчылыктарын пропагандалоо
Жыл сайын
Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды
ССМ, өнөктөштөр
Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде Программанын бардык компоненттерин ишке ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди көбөйтүү жана каражаттарды өз убагында бөлүү
Жыл сайын
ССМ, ФМ, өнөктөштөр
Профилактикалык эмдөө календарынын алкагында вакциналык препараттар менен чыгымдалуучу материалдардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана сатып алууларды кепилденген бюджеттик каржылоо менен камсыздоо. Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга финансы каражаттарынын 50 %дык резервин түзүү (жарым жылдык керектөөлөрдүн чегинде)
Жыл сайын
ССМ, ФМ, өнөктөштөр
ВБЖО келип чыккан учурларда эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында мамлекеттик бюджеттен, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан зарыл каражаттарды бөлүү
Жыл сайын
ВБЖО эпидемиялык учурларын ликвидациялоо
ССМ, ФМ, ММКФ
5.2
Сапаты кепилденген вакциналарды жеткиликтүү баа боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн берүү
Программанын узак мөөнөттүү өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн ЮНИСЕФтин жеткирүүлөр бөлүмү аркылуу вакциналарды жана иммунизация үчүн чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу жаатындагы улуттук мыйзамдарды талапка ылайык келтирүү
Жыл сайын
Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды
ССМ, МСД, өнөктөштөр
Өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алуу боюнча эл аралык тендерлерге, ЮНИСЕФтин берүүлөр бөлүмү аркылуу жамааттык сатып алууларга катышуу жолу менен иммунизация үчүн вакциналарды жана керектелүүчү материалдарды сатып алуунун экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу
Жыл сайын
Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды
ССМ, ФМ, өнөктөштөр
ДСУнун жана ЮНИСЕФтин тиешелүү эл аралык системаларын колдонуу менен вакциналарды сатып алуу баалары боюнча маалымат алмашуу
Жыл сайын
Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды
ССМ, өнөктөштөр
Кыскартуулардын тизмеси
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭСКММ
–
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
БИМ
–
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
СӨМ
–
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
УСК
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ДИМК
–
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
МСД
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти
ММКФ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
ТӨМ
–
Туруктуу өнүктүрүү максаттары
БМСЖ
–
баштапкы медициналык-санитардык жардам
ИЭИТТ
–
Иммунизация боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу
ЮНИСЕФ
–
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДСУ
–
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму
КМКДжКЖИ
–
С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана
квалификациясын жогорулатуу институту
КККТ
–
көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик текшерүү
ИЭЕТКБ
–
иммунизация боюнча эксперттердин европалык техникалык консультациялык тобу
РЖТ
–
региондук жумушчу топ
ВБЖО
–
вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оору
МЧЖОП
–
муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу боюнча платформа
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.