Нурманбет айыл аймагынын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин берүүнүн ченемин белгилɵɵ жɵнүндɵ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 24/IV
Нурманбет айыл аймагынын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин берүүнүн ченемин белгилɵɵ жɵнүндɵ
Красная Речка жана Нурманбет айыл аймактарынын биригүүсүнө байланышту Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрнын ПЖ № 370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 18, 32 беренелеринин 3, 5 пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен 2005-жылдын 6-майынын № 177 сандуу номери менен бекитилген жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобонун 5 пунктуна ылайык, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майынын № 291 токтому менен бнкитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 18 пунктун негизинде , «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагы боюнча куруу документерине ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин ченемин 500 кв.м. ден 2000 кв.м. чеин чектелген ченем бекитилсин.
2. Жер мунапысынын субъектисине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмүн 2000 кв.м., ашпаган чектелген ченеми эсептельсин.
3. Красная Речка айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 6-августундагы № 12/VI токтому, Нурманбет айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 27-июнундагы № 87/ХУ111-25 токтомдорунун жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун ченемине тиешелю жана Нурманбет айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 27-декабырындагы № 104/ХХII-28 жер мунапысынын субъектисине бекитилип берүү ченеми боюнча токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин mkk.gov.kg сайтына жана Нурманбет айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан атайын маалымат тахталарда жайгаштырылсын.
- Ушул токтомду каттап жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага
Н.С. Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2011-жылдын 27-июнундагы № 87/ХУ111-25 "Турак үй курууга берилүүчү жер тилкесинин көлөмүн бекитүү жөнүндө." токтомуПостановление · 27.06.2011 · № 87\XV111-25 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2022 · № 291
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы N 177 токтому менен бекитилген) "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 06.05.2005 · № 177
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2005 · № 177
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 6-августа № 12/V "Красная Речка айылдык кенешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы №24/VI «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жекечче…Постановление · 06.08.2022 · № 12/V
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2011-жылдын 27-июнундагы № 87/ХУ111-25 "Турак үй курууга берилүүчү жер тилкесинин көлөмүн бекитүү жөнүндө." токтомуПостановление · 27.06.2011 · № 87\XV111-25 · Күчүн жоготкон