Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Москва районунун Беловодское айылынын, Ленин көчөсүнүн 25/3 скверине (парк) „Дамир Наспеков атындагы сквери“ аталышы жөнүндө» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/20 Москва районунун Беловодское айылынын, Ленин көчөсүнүн 25/3 скверине (парк) "Дамир Наспеков атындагы сквери" аталышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, 27-берененин 10 пункт 1 бөлүгүн жана 37 берененин пункт 17, 2 бөлүгүн "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жетекчиликке алып, Москва районунун тургундары менен конокторунун эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Туруктуу комиссиянын протоколун эске алуу менен, угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Беловодское айылында, Ленин көчөсүндө №25/3, жайгашкан скверге (паркка) "Наспеков Дамир атындагы Сквер" деген аталыш берилсин.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруусу жана жогоруда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык эсепке алуу жана инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен 30 календардык күндүн ичинде тиешелүү документтерди бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т.К. Кулжанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021