Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 04-13/4 “Чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 18-февралы № 04-13/48
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 04-13/4 “Чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү Макулдашуунун 29, 47-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 47-пунктунун 13-пунктчасына, 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө» жобосуна, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жобосунун 14-пунктуна ылайык, 2024-жылдын 13-декабрындагы № 1 Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Кеңештин сунушунун негизинде буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 04-13/4 “Чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйруктун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган буйруктун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ушул буйрук күчүнө киргенден кийин 3 күн өткөндөн кийин айыл чарба товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (Кыргыз Республикасы аркылуу реимпорттоону, транзитти жана анын аймагы боюнча ЕАЭБдин бир субъектинен башкасына которууну кошпогондо) 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын: − ак кантка (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 170199100, 1701991001, 1701991009, 170113, 170114) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 2024-жылы ак кантты алып келүүгө түзүлгөн келишимдерден жана экстра сортунан тышкары); − ушул буйруктун 11-тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүнө;
3) жогоруда аталган буйруктун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Ушул буйрук күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин 12 айдан ашкан 40 000 (кырк миң) баш ири мүйүздүү малды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0102 коду), 12 айдан ашкан 60 000 (алтымыш миң) баш кой жана эчкини (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду), 12 айдан ашкан 10 000 (он миң) баш жылкыны (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө сандык чектөөлөрү бекитилсин”;
4) жогоруда аталган буйруктун 5-7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып ушул буйруктун 2-пунктунда жана 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн убактылуу чектөө чаралары киргизилген айыл чарба товарларынын тизмеги бекитилгендиги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына жана Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул буйруктун 2-пунктунда жана 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн убактылуу чектөө чаралары киргизилген айыл чарба товарларынын тизмеги бекитилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
7. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларын мыйзамсыз ташып келүүгө жана 2-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.”.
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
– бул буйруктун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
1. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин ушул тармагын тейлеген тиешелүү орун басарына жүктөлсүн.
2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр
Б.Э. Торобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 334 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 334
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 04-13/4 "Чектөөчү чаралар киргизилүүчү айыл чарба…Приказ · 11.01.2025 · № 04-13/4