Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-декабры № 828-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көрсөтүлгөн Келишимдин жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 828-т тескемеси менен жактырылган
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган. Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин 26-беренесине ылайык Келишим ратификацияланууга тийиш жана Тараптардын бири аны ратификациялоо жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып үч (3) ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Келишим өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү, эл аралык кылмыш жаза-укуктук чөйрөдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле соттолгондорду өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Келишимди ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Мындан тышкары, колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Келишимдин ченемдери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт деп белгиленген. Ошентип, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13-беренелеринин талаптарына ылайык, ошондой эле Келишимдин 26-беренесинин жоболорун эске алуу менен ратификациялоо жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Ратификациялоо жөнүндө мыйзам түрүндө киргизилет, ага кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш. Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, Келишимдин жоболорун ишке ашыруу бюджеттик каражаттарды чыгымдоону көбөйтүүгө алып келбейт. Компетенттүү органдардын кызматташуусу компетенциясына Келишимди аткаруу кирген мамлекеттик органдарды күтүүгө бюджетте каралган ассигнованиелердин чегинде жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106