Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 65-беренеде:
а) 3-бөлүктө «225-беренесинде каралган кылмышты» деген сөздөр «225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2–4-бөлүктɵрүндө каралган кылмыштарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө «225-беренесинде каралган кылмышты» деген сөздөр «225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2–4-бөлүктɵрүндө каралган кылмыштарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 238–240-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«238-берене. Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо
1. Жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пайдалануу –
3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –
5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:
– ири өлчөм деп эки жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты таанылат;
– өзгөчө ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты таанылат.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>