Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерсиз жүгүртүү
1. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон, ири өлчөмдө жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерсиз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын колдонуунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, –
3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –
5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:
– ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашкан продукциянын өлчөмү же эки жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерисиз продукциянын саны таанылат;
– өзгөчө ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан продукциянын өлчөмү же беш жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерисиз продукциянын саны таанылат.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-239" title="239-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>