2-берене
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик иш болуп саналбайт: жеке жак тарабынан жеке жакка пайызсыз заем берүү; иши ушул главанын 2-параграфынын жоболору менен жөнгө салынуучу иш берүүчүнү кошпогондо, иш берүүчүнүн кызматкерге заемдорду берүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн фонд тарабынан ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн пайыздарды жана комиссияларды албастан заемдорду берүү; баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн брокер тарабынан кардарга заемдорду берүү; мыйзамда каралган башка учурлар.».
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>