1-берене
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 99-статьянын 1-пунктунун төртүнчү – алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«үчүнчү кезекте – күрөө менен камсыз кылынбаган кредиторлордун негизги суммалары жана алардын пайыздары боюнча, ошондой эле салык милдеттенмелери жана салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттенмелери боюнча талаптар канааттандырылат; төртүнчү кезекте – милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын жана салык милдеттенмесинин, салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенменин негизги суммаларын кошпогондо, бюджетке жана бюджеттен тышкары фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт; бешинчи кезекте – бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча пайыздарды кошуп алганда, үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун үстөк айыбын (туум жана айып) төлөп берүү боюнча талаптар канааттандырылат.»;
2) 2191-статья төмөнкүдөй мазмундагы бɵлүк менен толукталсын:
«Салык карызын өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын cалык мыйзамдары менен белгиленет.».
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>