Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4–9) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 14–18-пункттар менен толукталсын: «14) 2025–2027-жылдардагы салык мезгилдери үчүн турак имаратка жана жайга мүлк салыгын эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ставка 2025-жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен бекитилүүгө тийиш;
15) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден салыктар боюнча, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат.
Ушул пунктта каралган бошотуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
а) аткарылган салык милдеттенмесине;
б) ага карата соттун өндүрүп алуу жөнүндө чечими бар салык карызына;
16) салык төлөөчү баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна
2025-жылдын 1-апрелине чейин киргизген шартта, төмөнкүлөрдү кошпогондо, мындай товарларга карата салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен бошотулат:
а) алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;
б) ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо, мунай жана мунай продуктулары;
в) салыктык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын органынын чечимдери бар, аларга карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар;
17) турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга же салык салуунун бул тутумунан чыгууга ниеттенген, атайын курулуш иштерин аткарган субъекттер учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салыктык режим боюнча салыктарды төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
18) салык төлөөчүнүн – жеке жактын мүлк салыгын эсептөө боюнча салык отчеттуулугу жок болгон учурда, салык органы 2026-жылдын 1-январына чейин доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде төмөнкүлөргө карата мүлк салыгын эсептөөгө укуктуу:
а) ишкердик иш максатында пайдаланылбаган жана курорттук-ден соолукту чыңдоочу зонанын аймагында жайгашпаган турак жай имаратына, жайга;
б) транспорт каражатына;
в) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы жана багбанчылык-чарбак жер участогуна;
г) айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна.».
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>