Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Государственного агентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики от 13 августа 2026 года № 44 "Об утверждении Перечня случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в Государственном агентстве по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 13-августундагы № 44 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| | | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын “10” январы № 1 буйругу менен бекитилген тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕСИ
| № | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы | Коррупциялык келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупция лык тобокелдик тин деңгээли (төмөн, орточо, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы) | Коррупция тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарга/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялыктобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
| Функциянын түрү контролдоо жана көзөмөлдөө (функциялардын түрүн көрсөтүү:контролдоо жана көзөмөлдөө, жөнгө салуу, кызмат көрсөтүү ж.б.) | |||||||
| 1 | Менчигинин формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке маалыматтардын, анын ичинде маалыматтык тутумдардын мазмунуна, иштеп чыгысууна, пайдаланышына жана корголушуна текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролду жүзүгө ашыруу. | Каралып жаткан субъекттин чечим даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим кабыл алуу максатында коррупциялык келишим түзүү коркунучу бар | Кырдаалдык | Орточо | Жеке маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо башкармалыгы | Бөлүм башчысы; Башкы инспектор; Улук инспектор | Бул тобокелдик Агенттиктин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү болушу мүмкүн |
| 2 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жеке маалыматтар субъекттеринин жеке маалыматтар жаатындагы мыйзамдарды бузуулары жөнүндө кайрылууларын кароо жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын бузуу менен байланышкан табылган бузуулар боюнча материалдарды кийин укук коргоо органдарына жиберүү менен чечимдерди чыгаруу | Аныкталган бузууларды жашыруу коркунучу. Кайрылууларды кароодо жоопкерчиликтен качуу максатында макулдашуулар болушу мүмкүн. | Кырдаалдык | Төмөн | Жеке маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо башкармалыгы | Бөлүм башчысы; Башкы инспектор; Улук инспектор | Бул тобокелдик Агенттиктин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү болушу мүмкүн |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.