Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым буйруктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 28-январындагы № 1
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым буйруктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 “Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологиясы жана Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологиясы бекитүү тууралуу” буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 30-августундагы № 1 “Министрликтин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 “Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологиясы жана Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологиясы бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгы:
1) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин mineconom.gov.kg расмий сайтына 2025-жылдын 07-фуиралында жарыяланды.
Министр
Б.Т. Сыдыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- КР Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 "Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологияны жана Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык…Приказ · 27.02.2015 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117