2-берене
Күчүндө · 21.01.2025 редакциясы
«Саясий партиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 449-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт: чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын бөлүмдөрүн түзүүгө жана алардын иштөөсүнө; диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний ишке катышуусуна.»;
2) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
«Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө партиянын аталышында диний тематикадан түздөн-түз жана кыйыр түрдө алынгандарды же шилтемелерди камтыган маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин чагылдырууга жана үгүт материалдарында башкача пайдаланууга жол берилбейт.»;
3) 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
«Саясий партиялардын ишин чет мамлекеттер, чет өлкөлүк партиялар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле диний иштин субъекттери тарабынан каржылоого тыюу салынат.».
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Саясий партиялар жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 50
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021241/st-2" title="2-берене - Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>