1-берене
Күчүндө · 21.01.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1271-берене менен толукталсын:
«1271-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу
Жүзүн жашыруу медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жашыруусу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 141-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Диний уюмдардын, диний окуу жайларынын, миссионерлердин иштерине же диний жөрөлгөлөрдү жасоосуна мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же болбосо диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана билдирүүгө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же аларды билдирүүгө, алмаштырууга же алардан баш тартууга мажбурлоо -»;
3) 142-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«142-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз диний жөрөлгөлөрдү, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды өткөрүү үчүн диний ишмерлерди, диний насаатчыларды жана миссионерлерди чакыруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Диний багыттагы объекттерде шайлоо алдындагы үгүт иштерин, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Диний окуу жайынан тышкары жеке тартипте диний сабактарды окутуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Диний багыттагы объекттерден тышкары, маалыматты сактагычтарга карабастан, диний адабияттарды, башка диний басылма түрүндөгү, аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жаппы билим берүү уюмдарында, ошондой эле турак жайларды кыдыруу аркылуу таратуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Диний иштин субъекттери тарабынан саясий партиялардын ишин каржылоо -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү эсептик каттоодон өтпөстөн диний ишти жүзөгө ашыруу, диний багыттагы объектти пайдалануу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8. Диний таандыгынын негизинде адамга же топко карата оозеки же жазуу жүзүндө, анын ичинде Интернет тармагында басмырлоо -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
4) 455-берене «64-69-беренелеринде» деген сөздөн кийин «, 142-берененин 2-бөлүгүндө» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 456-беренеде:
а) «125» деген цифралардан кийин «, 1271» деген цифралар менен толукталсын;
6) «137-142-беренелери,» деген сөздөр «137-141-беренелери, 142-берененин 1, 3-8-бөлүктөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021241/st-1" title="1-берене - Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>