Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-январындагы № 28 токтомуна)
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748 тескемеси менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын 3.1-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Типтүү жобо жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларында түзүлүүчү укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссияларды (мындан ары - комиссия) түзүү жана иштөө тартибин жөнгө салат.
3. Ушул Типтүү жобонун негизинде мамлекеттик администрациялар, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары комиссия жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.
2-глава. Комиссияны түзүүнүн тартиби
4. Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын алдында түзүлөт.
Бишкек шаарынын аймагында администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында комиссиялар түзүлөт.
5. Комиссия курамында төрага, катчы, комиссиянын 4 мүчөсү болгон 5тен (беш) 9 (тогуз) адамга чейинки санда түзүлөт.
6. Комиссиянын курамына укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун, коомдук бирикмелердин, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.
7. Комиссиянын мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
3-глава. Комиссиянын компетенциясы
8. Комиссия:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБ органдары), башка кызыкдар тараптардын укук бузуулардын алдын алуу боюнча программалык документтерде аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерин координациялайт;
2) тиешелүү аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттер пландарын иштеп чыгат жана бекитет;
3) укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ЖӨБ органдарынын, коомдук профилактикалык борборлордун укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетторун жана маалыматтарын угат;
4) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча иш-чаралар пландарын ишке ашыруунун жүрүшүн карайт;
5) тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана ЖӨБ органдарына бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө, укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө коомдук профилактикалык борборлорго, аксакалдар сотторуна, аялдар кеңештерине, жаштар уюмдарына жана коммерциялык эмес уюмдарга материалдык же башка жардам көрсөтүү жөнүндө сунуштарды берет;
6) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
7) аймактык пробация органдарынын ишине көмөк көрсөтөт.
4-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу жана иштөө тартиби
9. Комиссияларды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери же болбосо алардын орун басарлары жетектейт.
10. Комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын ишин пландайт, уюштурат жана жетектейт;
2) комиссиянын жыйналышынын күн тартибин аныктайт, датасын жана убактысын белгилейт;
3) комиссиянын жыйналышына төрагалык кылат;
4) иш боюнча аныктамаларга, токтомдорго жана комиссия тарабынан киргизилүүчү, комиссиянын иши үчүн керектүү башка актыларга, документтерге кол коёт;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде комиссиянын атынан ишеним катсыз иштейт жана мамлекеттик органдарда, ЖӨБ органдарында, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамиледе анын кызыкчылыктарын коргойт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
11. Комиссиянын төрагасынын бир орун басары болот. Төрага жок учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
12. Комиссиянын катчысынын милдеттери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, мэриянын аппаратынын кызматкерине жүктөлөт. Катчы комиссия чечимдерди кабыл алган учурда добуш берүү укугуна ээ эмес.
Катчыга өз милдеттерин аткарууга карата мамилесине жараша "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык материалдык, материалдык эмес мотивациялоо, ошондой эле тартиптик жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.
13. Комиссиянын катчысы:
1) иш кагаздарын жүргүзөт жана комиссиянын иштеринин сакталышын камсыз кылат;
2) комиссиянын жыйыналышында каралуучу иштер боюнча токтомдордун, аныктамалардын долбоорлорун даярдоону жана тариздөөнү уюштурат;
3) комиссиянын мүчөлөрүнө жана жактарга жыйналыш өтүүчү датага чейин 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен иш каралуучу убакыт жана жер жөнүндө кабарлайт, аларды комиссиянын кароосуна киргизилген материалдар менен тааныштырат;
4) комиссиянын жыйналышынын протоколдорун жүргүзөт. Протоколдо комиссиянын жыйыналышынын датасы жана күн тартиби, жыйналыштын катышуучулары (комиссиянын мүчөлөрү, жыйыналышка чакырылгандар), киргизилген сунуштар, киргизилген сунуштар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле комиссиянын чечими жана ошол чечим боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана комиссиянын катчысы кол коёт;
5) комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун жана аныктамалардын аткарылышын контролдойт;
Катчы убактылуу жок болгон мезгилде анын ыйгарым укуктарын комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
14. Комиссиянын мүчөлөрү:
1) комиссиянын жыйыналыштарына катышат, күн тартибин бекитүүдө өз сунуштарын киргизет, жыйналышта каралган маселелерди талкуулоого катышат;
2) комиссиянын жыйналышында каралуучу маселелерди даярдоого катышат;
3) күн тартибине, комиссиянын жыйналышында каралуучу маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
4) төраганын комиссиянын ишине байланышкан тапшырмаларын, комиссиянын жыйналышында кабыл алынган чечимдерди аткарат.
15. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси катышканда ыйгарым укуктуу болот.
16. Чечимдер комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечим кабыл алууда добуштардын саны бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Маселелерди кароонун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү тартипте протоколго киргизилет.
17. Мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын комиссиянын жыйыналышына чакырылган өкүлдөрү добуш берүү укугуна ээ эмес.
18. Комиссиянын чечимин кабыл алуу жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тиешелүү жактарга жиберилет.
19. Юридикалык жана жеке жактар комиссиянын чечимин 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде кароого милдеттүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748-т (2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын…Распоряжение · 04.12.2023 · № 748-р
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-январындагы № 28 "Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 21.01.2025 · № 28