Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-январы № 28
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748 тескемеси менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын 3.1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда аталган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти уюштуруу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748-т (2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын…Распоряжение · 04.12.2023 · № 748-р
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60