11-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;
3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздукту өздөрүнүн компетенцияларынын алкагында камсыз кылууга жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт жана ишин координациялайт;
5) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт;
6) илимий-изилдөө ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле биологиялык коопсуздук маселелери боюнча билим берүү мекемелеринде кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды кабыл алат;
7) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, патогендүү биологиялык агенттерди жүгүртүү жана аларды контролдоо жаатындагы эл аралык келишимдер боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча координациялоону жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү камтыган автоматташтырылган маалымат тутумун эске алуу менен патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 562 "Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин жана…Постановление · 20.08.2026 · № 562
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 548 "Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын…Постановление · 02.09.2025 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 354 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз…Постановление · 20.05.2026 · № 354
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>