1-берене
Күчүндө · 21.01.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 16-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо жүргүзүлөт. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бир эле уюмдун жетекчилик кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана бөлүм башчысы жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштөөнү врачтык практика менен айкалыштыра албайт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн талаптарды мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин же бөлүм башчысынын аткарбоосу аларды 10 жумуш күндүн ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.".
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230020830/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>