Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чүй айылдык кеңешинин «Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/4
Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 41-42-43-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жамааттык келишим” жөнүнүндөгү 164- мыйзамынын 3-13-беренелерине ылайык,кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн социалдык-эмгектик кызыкчылыктарын макулдашууда жамааттык келишимге көмөк көрсөтүү максатында жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Чүй айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү жана иштерине алдыга карай стимул берүү максатында 2024-жылдын 1-августунан 2025-жылдын 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишим жөнүндөгү» мыйзамынын 12-13-беренесине ылайык Чүй айыл өкмөтүнүн жаматтык келишими (тиркелет) бекитилсин.
2. Ушул токтомдун көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага
Б.О. Кыдырбаев
“Бекитемин” Чүй айылдык кеңешинин
30.07.2024-ж. №34/4 Токтомуна
Тиркеме __________________
Б.О.Кыдырбаев
2024-жылдын 18- июлунда Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык чогулушунда кабыл алынды
ЖАЛПЫ МАЗМУНУ
Бул жамааттык келишим – социалдык эмгектик мамилени жөнгө салуучу Чүй айыл өкмөтүнүн жамаатынын атынан профсоюз комитетинин төрайымы Абдылдаева Г.Д. жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовменен биргеликте профсоюз мүчөлөрүнүн укугун коргоого карата түзүлгөн ченемдик укуктук акт болуп эсептелинет . Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы №164 “Жамааттык келишим жөнүндөгү” мыйзамынын 3ст. жана 2016-жылдын 8-августундагы №106 Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 43ст. негизинде түзүлгөн кызматкерлердин укугун жана кызыкчылыгын коргоочу юридикалык иш кагаз болуп эсептелинет, бул келишимде кызматкелерге кошумча эмгектик жана социалдык жеңилдиктер каралган. Бул келишимде колдонулган кыскартылган сөздөр: КР ЭК- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; ЖК- “Жамааттык келишим жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын мыйзамы; ЖӨАБ- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы ; МК – “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын мыйзамы ;
Жамааттык келишимдин мазмуну сөзсүз аткаруулуга тийиш.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.Медетов тарабынан жана кызматкелер тарабынан профсоюз комитетинин төрайымы Абдылдаева Г.Д. сүйлөшүүлөргө жана жамааттык келишимдерди түзүүдө ыйгарым укуктуу өкүл катары таанылды.
1-БӨЛҮМ .Жамааттын экономикалык ишкердүүлүгү жана эмгекке болгон мамилеси.
Чүй айыл Кеңешинин, Чүй айыл өкмөтүнүн кызматкерлердин астында турган башкы милдети:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кониституциясын аткаруу жана колдонуу;
- Элдерди социалдык жана маданий жактан тейлөө, аймакта жашоону камсыздоо системасын өнүктүрүү жана иштешин уюштуруу;
- Жамааттык келишимдин таркалышына жардам кылуу , кызматкерлердин социалдык кыйынчылыктарын азайтуу, кызматкерлердин арасында келип чыккан талаш-тартышты алдын алуу;
- Уюштурууда , кыскартууда, эмгектик талаш-тартыштарды чечүүдө жана мыйзамдык укуктарын коргоодо чара колдонууда профсоюз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүүсү;
Администарциянын жана жумушчунун ортосундагы эмгектик мамиленин башталышы болуп эмгек келишимин жазуу жүзүндө түзүү болуп саналат. Эмгек келишими КР Эмгек Кодексинин негизинде түзүлөт жана толтурулат. ЭК түзүлгөндө каралган шарттар, бул жамааттык келишимдин белгилүү мазмунун начарлашына алып келбейт. Чүй айыл өкмөтүнүн милдети:
- Эмгектин жогорку натыйжалуулугу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- Кызматкерлерге квалификациясын жогорулатуу жана окутуу үчүн,шарттарды түзүү;
- 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү “ мыйзамынын 21-беренесине ылайык эмгек акы төлөө тутумдарын, кошумча төлөмдөрдү жүргүзүүдө, класстык чендерди коюуда жана айлык акыларды, кошумча төлөөлөрүн жана үстөктөрдүн өлчөмдөрүн коюуга.
Чүй айыл өкмөтү профсоюз комитети менен макулдашуулары боюнча:
- Эмгек акын ар бир айдын 5-чейин төлөөгө; (ЭК 157-ст.)
- КР Эмгек Кодексинин 144- ст. негизинде уюмдагы ички эмгек тартиби иш берүүчү уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашылгандан кийин бекитилген ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат ;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-статьясына ылайык эмгек тартибин бузгандыгы үчүн башка айтканда кызматкерге тапшырылган эмгек милдеттери анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарылган же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы дисциплинардык жазаларды колдонууга,
- КР “Мамлекттик жарандык жана муниципалдык кызмат “ мыйзамынын 28-беренесине жана КР ЭК 128- ст. Ылайык негизги эмгек өргүүсү 28 календарлык күнгө жана эмгек стажысына карата кошумча өргүү эки күндөн беш күнгө чейин берилүүсү тийиш, КР мыйзамдарында койулган кепилдиктерди колдонуу менен;
- Кызматкелер менен иш берүүчү ортосундагы макулдашуу боюнча акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мындан биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календарлык күндөн аз болбоого тийиш. (2004-жылдын 4- августундагы №106 КР ЭК 130- ст.) Кызматкерди өргүүдөн өзүнүн макулдугу менен гана чакыртып алууга жол берилет. Ушуга байланыштуу пайдаланылбай калган өргүүнүн бөлүгү кызматкердин каалоосу боюнча ошол иш жылы ичинде өзүнө ыңгайлуу мезгилде берилүүгө же кийинки иш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.
- Жамааттык келишимдин мазмуну профком менен макулдашылсын.
2- БӨЛҮК. Кызматкерлердин социалдык жана экономикалык укуктары жана кызматкерлерге болгон кепилдиктер.
Чүй айыл өкмөтүнүн милдеттери: Чүй айыл аймагында бирдиктүү ишалып баруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 сандуу Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-февралындагы №52 сандуу Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын 50-51 беренелерин аткаруу максатында:
1. Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Чүй айыл өкмөтү жыл сайын, инфиляциянын өсүшүн эске алып,айыл чарба продукцияларын даярдоого жана балдарды мектепке даярдоого кеткен чыгымдарды эске алып, эки айлык акы төлөп берүүгө милдеттүү. Кызматтык милдеттин ийгиликтүү жана ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн , узак убакытка чейин кемчиликсиз кызматы үчүн, ченемден ашык кызматы үчүн төмөндөгүдөй сыйлыктар каралсын:
- Алкыш жарыялансын;
- Кызматы боюнча жогорку кызмат орундарга жылдырууга;
- Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына көрсөтүүгө;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ж.б. сыйлыктарына көрсөтүүгө.
2. Жакын туугандары каза болсо ( ата-энеси , агасы, иниси , балдары) 10000( он миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам төлөп берүүгө;
Профсоюз комитетинин милдети : Жамааттык келишимге кирген иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө ж. о. эле Чүй айыл өкмөтүнүн кызматкелерин социалдык- экономикалык жактан коргоодо ченемдик жоболорун сактоого.
БЕРИЛСИН :
- Жумуш эмес майрам күндөрүнүн алдындагы иш узактыгын 1 саатка азайтылат. (КР ЭК 96- ст.)
Профсоюз комитетинин милдети :
- Эмгектик жана аткаруучулук дисциплинанын ыкмаларын бекемдөөдө;
- Чүй айыл өкмөтүнүн жамаатынын белгилүү функционалдык милдеттерин аткарууда;
- Жамааттык келишимге кирген иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө ж.о. эле кызматкелерди социалдык- экономикалык жактан коргоодо КР ченемдик – укуктук актыларын сактоого.
Эмгек тартиби:
- Чүй айыл өкмөтүндө күн тартиби коюлсун:
- Жумуштун башталышы -8.30 КР Эмгек Кодексинин 101- ст.
- Жумуштун бүтүү убактысы - 17.30
- Түшкү тамак ичүү тыныгуу убактысы -12.00дөн 13.00гө чейин КР Эмгек Кодексинин 110- ст.
Беш күндүк жумуш болсо жумасында 2 дем алыш күн берилет ( КР Эмгек Кодексинин 112- ст.) Айрым учурларда жумуш күндөрү караштырылат, о. э. дем алыш күндөрүндөгү жумуш (кезекчилик). -Коомдук иштерге катышууда;
111-БӨЛҮМ. Жумушчулардын ден-соолугун жана эмгегин коргоо.
Чүй айыл өкмөтүнүн милдети:
- Жумуш ордунда керектүү тартипти камсыздоого, коопсуздук талаптарын сактоого;
- Кызматкердин ден – соолугу зыянга учураса жоопкерчиликти аткарууга;
- Жумушчу орундарында эмгекти камсыздоо , башчынын жана адистердин милдетин жана жоопкерчилигин аныктоочу кызматтык инструкцияларды иштеп чыгууга жана аткарууга;
- Кызматкерлердин жана алардын үй – бүлөөлөрүнө санитардык-курорттук дарылоолорду, эс-алууларын уюштурууга ;
- Дарыланууларга муктаж болгондорго материалдык жардам берүүгө;
Профсоюздук комитетинин милдеттенмелери:
- Жамааттык келишимдеги эмгекти коргоо мыйзамдарын жана санитардык , техникалык нормалары жана аныктамалары боюнча коомдук көзөмөлдөөлөрдү уюштурууга;
4-БӨЛҮМ .Профсоюз комитетинин ишкердүүлүгүнө кепилдиктери.
Чүй айыл өкмөтүнүн милдеттенмеси :
- Шайланган профсоюз активистеринин, өндүрүштөн бошотулбаган убакта профсоюз тарабынан уюштурулган иш чараларга катышууда эмгек акысын сактоого, профсоюздук иштерди аткарууда иш күндөрүнө төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
- Сыйлык системаларын, жеңилдиктер жана социалдык кепилдиктерди профсоюз жумушчуларына таркатууга;
- Профсоюз төлөмдөрүн бухгалтерия аркылуу жүргүзүүгө;
- Профсоюз комитети жумуш үчүн керектүү жабдууларды , байланыш түйүндөрүн акысыз пайдаланууга;
5-БӨЛҮМ. Келишимдин убактысы жана тараптардын жоопкерчилиги.
Жамааттык келишим 2024-жылдын 1-августунан баштап күчүнө кирет , бир жылга же болбосо үч жылга түзүлөт жана ага тараптар кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет жана кийинки келишим түзүлгөнгө чейин .Келишим жолдорунун аткарылышын эки тарап көзөмөлдөйт .( КР Эмгек Кодексинин 43-ст.) Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эки тараптардын макулдашуулары аркылуу жүргүзүлүнөт .( КР “Жамааттык келишим жөнүндөгү “ мыйзамынын 14- ст.) Жамааттык келишимдин аткарылышын жыл сайын өткөрүлүүчү Чүй айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын чогулушунда талкууланат. ( КР “ Жамааттык келишим жөнүндөгү” мыйзамынын 153- ст.) Жамааттык келишимдеги эки тарап, мыйзамдын талаптарын бузса ,КР мыйзамдарында коюлган тартиптерине карата жоопкерчилик тартат. (КР “Жамааттык келишим жөнүндөгү” мыйзамынын 16- ст.)
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Чүй айыл өкмөтүнүн профсоюз комитетинин төрайымы Медетов К.С.______________ Абдылдаева Г.Д.____________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Жамаатык келишимдер жонундоЗакон · 21.08.2004 · № 164
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон